Көчөт кыздардан "орус премьерасы"
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында Фёдор Достоевскийдин 195 жылдыгына арналган театралдык фестиваль өттү. Ага Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мектеп окуучулары катышты. "Орус премьерасы" деп аталган кароо-сынак ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат. Маалым болгондой, фестиваль орус адабиятынын драматургдарына, театрдын жаңы, заманбап өнүккөн формасына коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөйт. Иш-чаранын максаты - орус-кыргыз театралдык мейкиндигинин биримдигин чыңдоо. Аталган фестивалга мектептерден 15 театралдык жамаат катышты. Былтыр бул маданий иш-чара Антон Чеховдун 155 жылдыгына карата өткөрүлгөн.