Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Москва соту министр Улюкаевди үй камагында калтырды


Алексей Улюкаев
Алексей Улюкаев

Москванын муниципалдык соту мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаевди үй камагында кармоо тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Мурдагы министрдин адвокаттары Улюкаевдин үй камагындагы шарттарын жеңилдетип, анын эки жакка чыгуусуна уруксат берүүнү соттон өтүнүшкөн.

Улюкаев 14-ноябрдын түнүндө 2 миллион доллар пара алып жаткан учурда кармалган. Мурдагы министр бул акчаны мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын “Башнефть” ишканасына ээлик кылуусуна шарт түзүү үчүн алганы кабарланган. Улюкаев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

15-ноябрда Москванын Басманный райондук соту Улюкаевди тергөө иштери бүткүчө үй камагында кармоо чечимин чыгарган. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны министрлик кызматынан бошоткон.

XS
SM
MD
LG