Ошол эле учурда өлкөдөгү социалдык проблемаларды чечүүгө акча тартыш болуп турган учур. Буга чейин депутаттар чыгымдарын өздөрү көтөрүп келген. Бирок ага нааразылык чыккандан кийин бул милдетти Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнө алган.
Депутаттардын эл өкүлү экенин бышыктаган төш белги жылтырак латунь металлынан жасалат. Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердеги болочок депутаттарга 9 миң даана ушундай төш белгиге буйрутма бергени турат. Ага 4 миллион 500 миң сом сарпаталат. Андан тышкары, депутаттарга күбөлүк жасатууга да 1 миллион 800 миң сом бөлүп берүү маселеси каралууда. Бул акчага 9 миң даана документ чыгарылат.
Акча бюджеттен бөлүнөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева “Азаттыкка” айтты:
- Мамлекеттик сатып алуулар порталына маалымат коюлду. Эми ошол буюмдарды жасоого тендер өтүп, талаптарга ылайыктуу компания тандалат.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт. Шайлоодо жеңип чыккан партиялардын арасынан 7365 талапкер депутат болуп келет. Ал эми аларга даярдалчу төш белги жана күбөлүктөр 1635ке көп.
Гүлнара Журабаева билдиргендей, 2012-жылга чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттары төш белги үчүн чыгымды өздөрү көтөргөн:
- Бирок айрым эл өкүлдөрү буга нааразы болушкан. “Эмне үчүн парламенттеги депутаттарга БШК жасап берет да, жергиликтүү кеңештегилер чыгышаны өздөрү көтөрүшү керек?” деп айтышкан. Негизи эреже боюнча төш белги менен камсыздоо БШКнын милдети. Эгер жоготуп алса, экинчисин депутат өз эсебинен жасатат. Эмне үчүн биз көп өлчөмдө чыгарып жатабыз? Себеби, депутаттар арасында орун алмашуулар болуп турат. Ар бир келген эл өкүлүнө өзүнчө төш белги жана күбөлүк буйрутма кылуу кымбат. Андыктан, биз көбүрөөк жасатып коёбуз. Колдонулган төш белги берилбейт да.
Парламентте бир жайда корогон миллиондор
Парламентте бир жайда корогон миллиондор
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы белекке деп алынган сааттар, акчалай сыйлык жана эс алууга кеткен чыгымдар боюнча түшүндүрмө берди.
Депутаттардын төш белгиси Кыргызстандын желегинин элесинде, кызыл түстө жасалат. Чекеси алтын сымал жаркырап турат. Өлчөмү 27Х16 мм. Ар биринин баасы 500 сомго барабар. Ал эми күбөлүк китепче түрүндө, сырты кайыш менен капталган кочкул кызыл түстө болот. Бир даанасы – 200 сомдон.
Саясат таануучу Элмира Ногойбаева депутаттар үчүн коротулуп жаткан бул сумманы акылга сыйбас көрүнүш катары сыпаттайт:
- Кымбат баалуу көрүнүштөгү төш белги тагууга зарылчылык жок. Ага сарпталчу каражат мамлекеттин бюджетине ылайыктуу сумма эмес. Элдин баары жыргап жашап жатса анда бир жөн. Биз экономикалык кризисти баштан өткөрүп жатпайбызбы. Ооба, депутаттын кандайдыр бир символу болушу керек. Бирок ага өлкө казынасынан миллиондогон сом сарптоо акылга сыйбайт. Ошончолук эле төш белги таккысы келсе, эл өкүлдөрү өз чөнтөгүнөн колдоно берсин. Элдин добушуна шайланып келген депутаттын баскан-турганы, колдонгон буюму ошол калктын жашоо деңгээлин урматтагандай болушу абзел.
Ал тапта Кыргызстанда социалдык маселелерди чечүү үчүн акча тартыштыгы күн тартибинен түшпөй келүүдө. Өзгөчө кырдаалдарды жайгарууга техникалардын жетишсиздиги, мектеп жана бейтапканалардагы жылуулук көйгөйү актуалдуу болуп турат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекет кепилдеген программаларды каржылоо толук ишке ашпай келет.
Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылга карата республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 146 миллиард сомдон ашып, эки жыл мурдагыга салыштырмалуу 27 миллиард сомго көбөйгөн. Республикалык бюджеттин таңсыктыгы эмки жылга 23 миллиард сом болот деп болжолдонгон.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги ыксыз чыгымдар сынга алынып келген эле. Быйыл жайында парламентте жети миллион сомдон ашык акча сый акыга жумшалганы, бир миллион сомго жакын каражатка белекке берилчү кол саат алынганы, дагы ушунча сумма жайкы эс алууга коротулганы маалымдалган.
Тасмада: Парламент сатып алган кол сааттар