Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

Исмаилова: Бир депутатка 120 миң доллар кетет


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору парламент бюджетинин ачыктыгы боюнча байкоолорунун алгачкы жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка" айтып берди.

- Cиздер парламент бюджетинин сарпталышын карап, текшерип чыккан экенсиздер. Кандай жыйынтыктарга жетиштиңиздер? Бюджет канчалык максаттуу сарпталат экен?

- Бул эң көйгөйлүү маселелердин бири болчу. Алты айдын ичинде биз ар кандай методология жана инструменттер менен парламенттин бюджети кандай деп иликтедик. Анда тогуз белгилүү эксперт иштеди.

2012-жылдагы парламенттин бюджети боюнча бир депутатка кеткен жалпы чыгым 120 миң доллар болот экен. Бул чоң маселе болуп саналат. Жалпысынан аппаратчыларды, жардамчыларды кошкондо 913 кызматкер 120 депутатка жардам берет экен.

Мындан тышкары бюджет боюнча мыйзамдар кандай аткарыларын, парламенттик көзөмөл кандай болоорун да карадык. Парламент биз жогорку органбыз, биз баарын башкарабыз деп айтып жатпайбы. Бул маселени караганда аларды көзөмөлгө алган бир да орган жок экен.

- Демек парламенттеги ыксыз сарптоолор көзөмөлдүн жоктугунан келип чыгып жатабы?

- Ооба, көзөмөлдүн жоктугунда. Экинчи маселе, бюджетти ким аныктайт? Негизинен парламент өзү аныктайт. Бул деген бюджеттик монополия. Ошондуктан биз бардык көйгөйлүү маселелерди карап туруп, иш сапарларга кеткен акчалар кандай сарпталды, алар келгенде Кыргызстанга кандай пайда алып келди деген суроолор туулууда. Бүгүнкү отчетубузда беш парламенттин тагдырын карадык.

- Бул маалыматтарды кайдан алдыңыздар? Канчалык ынанымдуу?

- Алты айдын ичинде мониторинг жүргүзүп, маалыматтарды топтодук. Биз ар бир депутатка жарандык коом катары анкета бердик. Көп депутаттарды маалымат бербей койгонуна таң калдык. Кат жазганда да бербей, көп тоскоолдуктар болду. Биз сотко кайрылбай, депутаттардын канчалык этиканы сактарына байкоо салдык.

XS
SM
MD
LG