“Бир дүйнө - Кыргызстан” кинофестивалы башталды
Бүгүн Бишкектеги "Манас" кинотеатрында адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалы башталды. Быйыл онунчу жолу өтүп жаткан фестивал Кыргызстандын Эгемендигинин 25 жылдыгына арналып, 31-октябрдан 4-ноябрга чейин уланат. Анын ачылышында "Азаттык" радиосунун тарыхына арналган тасма көрсөтүлүп, адам укугун коргоого, демократияга кошкон салымы зор экени белгиленди. Фестивалда чет мамлекетте жана Кыргызстанда тартылган 19 фильм көрсөтүлөт. Алардын ичинде “Азаттыктын” журналисттери тарткан төрт тасма бар.
Чыгарылыштар
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды
-
Май 05, 2025
Йемен: Санаа шаарына сокку урулду
-
Май 05, 2025
Геленжик: Үч мигрантты уранды басып калды
-
Май 02, 2025
Сөз эркиндиги: Кыргызстан 24 баскычка артка кетти