Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, Казакстанда кыргызстандыктар түшкөн кичи автобус жол кырсыгына кабылды деген маалымат такталып жатат. 30-октябрда кичи автобустун жүргүнчүлөрүнүн бири Нуркыз Назаркулова Москвага бара жаткан автоунаа Казакстанда оодарылып кетип, анын ичиндеги 20 адам жабыркаганын, бешөө оор абалда ооруканага жеткирилгенин "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.
Анын маалыматына караганда, жабыркагандар жардамга муктаж. Жеңил жаракат алгандар ооруканадан чыгып, башка автоунаа менен Москвага сапар тарткан. Кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз. Тышкы иштер министрлиги маалымат такталгандан кийин, жардам көрсөтүү маселеси караларын кабарлады.