Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Суу астындагы жолбашчылар

Кара деңиздин түбүнөн Маркс, Энгельс, Гагариндин эстелигин кезиктирүүгө болот.

Крымдагы Тарханкут булуңундагы суу түбүндө "Жол башчылар аллеясы" аттуу музей бар. Аны донецкилик дайвер Владимир Боруменский негиздеген. 1992-жылы ал бул жерге советтик лидерлердин бир нече бюстун алып келген. Анын ишин кийин башка ышкыбоздор уланткан.

Суу түбүн тарткан фотографтардын айтымында, айкелдерди сууга "вандалдардын колунан алыс" кылуу үчүн чөктүрүшкөн.

"Биринчи жолу алар менен 2000-жылы бет келдим. "Досум экөөбүз суу астында сүрөт тартып жүргөнбүз, капысынан эле артыман бирөө карап турганын сезип калдым. Көрсө балыр арасында Лениндин эстелиги туруптур" деп эскерет сүрөтчү.

Учурда Тарханкуттан бир нече айкелди кезиктирсе болот. Алар 12-15 метр тереңдикте жатат.

XS
SM
MD
LG