Украинадагы реформаларды колдоо үчүн Эл аралык валюта кору ыңкылаптан кийин 17,5 млрд доллар насыя бөлүүнү чечкен. Киев төрт жыл ичинде бериле турган ал сумманын 7 млрд 620 млн. долларын алган. Бирок акыркы жылда коррупцияга каршы күрөштөгү чабалдык жана өлкө чыгышындагы согуш жараткан туруксуздукка байланыштуу насыя бөлүнбөй калган.
Украинага 1 млрд. доллар насыя бөлүнүшүнө Орусия да каршы чыгып, аны расмий Киевдин Орусияга 3 млрд доллар карызды төлөөдөн баш тартуусу менен байланыштырган.
Бирок Эл аралык валюта корунун Аткаруучу кеңеши насыя бөлүүнү улантуу чечимин кабыл алганы кабарланды. Ошол эле учурда Эл аралык валюта кору Украина тышкы карызды азайтуу, эл аралык валюталык резервди көбөйтүү жана валюталык чектөөлөрдү жумшартуу боюнча талаптарды аткара албаганын белгилеген.
Украин президенти Петро Порошенко Эл аралык валюта корунун оң чечимин кубаттап, бул АКШдан кошумча 1 млрд. доллар, Европа Биримдигинен 600 млн. евро насыя алууга жол ачат деди. Ал ошондой эле насыянын бөлүнүшү Москвага берилген белги деди:
- Бул парадоксалдуу угулса да, Эл аралык валюта кору чечими менен агрессорго белги берди. Ал Эл аралык валюта корунун коллегиясынын жыйынында дөңгөлөккө кум чачууга аракет жасады. Бирок Орусиянын Эл аралык валюта кору менен Украинанын ынтымагына доо кетирип, насыяны бөлдүрбөй коюу аракети ийгиликке жеткен жок. Кремль бул операцияда жоготту. Реформалар бизди күчтүүрөөк кылат. Ошону менен бирге сырткы агрессияга каршы турууда да кубатыбыз артты.
Президент Порошенконун айтымында, насыя улуттук валюта гривнаны туруктуу сактоого жана экономикага жардам берет. “Эл аралык валюта корунун чечими Украинада реформалар, реалдуу жана позитивдүү өзгөрүүлөр жүрүп, өлкө туура багытта баратканын дүйнө тааныгандыгы”, деп айтты Петро Порошенко.
Украиналык саясат таануучу Вадим Карасев Эл аралык валюта корунун чечими АКШ жана Европа Биримдигинен кошумча насыялардын келишине жол ачуусу менен маанилүү деп, буларга токтолду:
- Бул деген Эл аралык валюта кору Украина менен кызматташууну улантат, аны төлөөгө жөндөмдүү мамлекет деп эсептейт дегенди билдирет. Анткени ЭВФ акчаны уурдап, талап-тоноп жибербешине ишенгенде гана каражат бөлөт. Ошондуктан бул жерде президент айткан коррупцияга каршы күрөшкө ишеним да жатат. Андан сырткары, Эл аралык валюта корунун насыя бөлүүсү чет өлкөлүк менчик инвесторлорго да белги. Өлкөгө акча салса болот, дефолт болбойт дегенди билдирген.
Ошондуктан бул Украина үчүн саясий-экономикалык мааниси олуттуу окуя деп кошумчалады Вадим Карасев.
15-сентябрда Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери Украина чыгышында болушту. Дал ушул күндөн баштап украин бийлиги менен жикчилдер жаңы жарашуу жараянын башташты. Бул ийгиликтүү уланса Чыгыш Украинанын жаңжалдуу облустарында Минск келишиминин алкагында саясий жараяндарга жол ачат.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эйронун айтымында, Минск келишимин аткаруу боюнча саясий жараяндын биринчи бөлүгүндө ок атууну токтотуу, шайлоо жана Донбасстын атайын статусу жөнүндөгү мыйзамдарды даярдоо кирет. Андан кийин оор куралдарды согуш талаасынан алыс алып кетүү, ЕККУнун байкоочуларына Донбасста болуусуна жол ачуу жана Украинанын Конституциясына өзгөртүү киргизүү, шайлоо жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуулар ишке ашыш керек.
Чыгыш Украинада жаңы жарашуу башталган күнү Бириккен Улуттар уюму 2014-жылы башталган Чыгыш Украинадагы жаңжалда набыт болгондор саны 9600гө, жарадар болгондор 22 431ге жеткенин маалымдады.