Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Москвадагы өрт учурунда адамдарды куткаргандар сыйланат


Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Орусиянын Москва шаарындагы өрттө калгандарды куткаргандар сыйланат. Мамлекет башчы аларга сыйлык берүүнү өкмөткө тапшырганын президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады. Ага ылайык, өз өмүрүн тобокелге салып башкаларды куткарган жарандар мамлекеттик сыйлыкка да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Буга чейин Москвадагы өрт кырсыгында аман калгандар Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразылык билдиришип, өрт өчүрүүчүлөр имараттын ичинде калгандарды куткарууга дароо киришкен эмес деп билдиришкен. Бир нече адамды ошол жерде иштеген кыргызстандык мигрант балдар жана орус жараны имараттан чыгарып кетүүгө жетишкен.

27-августта "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада өрт чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган. Тилсиз жоодон он жети адам каза тапты, анын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер.

XS
SM
MD
LG