Парламенттин мурдагы депутаты, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Эркин Алымбеков бүгүн каза болду. Бул тууралуу анын кесиптеши, экс-депутат Асия Сасыкбаева "Азаттык" радиосуна ырастады. Алымбеков эмнеден улам кайтыш болгону азырынча белгисиз.
Эркин Алымбеков V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаты болгон. Маркум 55 жашта болчу. 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган.