Жергиликтүү ички иштер органдарындагы “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, ага 20 миң сом айып пул салынып, чек арачыларга өткөрүлүп берилди.
Анын алдында, 22-августта Өзбекстан Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чактыдай милиция кызматкерин жайгаштырган. Эки тараптуу сүйлөшүүдө расмий Ташкент Бишкектен Ала-Букада каралып турган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жака белиндеги кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргызстан болсо кошунасынын Аксыдагы Үңкүр-Тоодогу тактала элек жерге күч органдарынын өкүлдөрүн кирип келгени тууралуу түшүндүрмө сураган.
Кыргызстандын чек ара кызматынын билдиришинче, 22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек жерге Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак менен болжол менен жети милиция кызматкерин таштап кеткен. Окуя болгондон кийин эки өлкөнүн чек арачылары алгач телефондон сүйлөшкөн, кечке жуук Аксыда жолугушуу болгон. Чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Сажира Чоколоеванын “Азаттыкка” билдиришинче, анда талап-шарттар айтылды:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мамай аймагында жолугушуу болуп такталбаган тилкедеги жагдай талкууланды. Кыргыз тарап эмне себептен Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери такталбаган тилкенин ичине түшкөнү тууралуу түшүндүрмө жана ал жактан алынып кетүүсүн талап кылды. Өзбек тарап өз кезегинде Кыргызстандын аймагында кармалган Өзбекстан ИИМинин кызматкерин өткөрүп берүүнү талап кылды. Өзбекстандын чек ара өкүлү Орто-Токой суу сактагычынын тегерегиндеги кыргыз милиция бекеттеринин алынышын талап кылды.
Чоколоева тараптардын мындай шарт-талаптарын эки өлкөнүн тиешелүү орган-мекемелери иликтеп, жообун айтууну макулдашканын кошумчалады.
Бул окуяга байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Аксыга кошумча күч жөнөттү. Тышкы иштер министрлиги окуя иликтенип жатканын кабарлады.
Ал арада Ала-Бука районунда камалып турган өзбек милициясы бошотулганы маалым болду. Жергиликтүү ички иштер бөлүмүндөгү “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, райондук сот 20 миң сом айып пул салып камактан бошотту жана ал өзбек милиция кызматкери чек арачыларга өткөрүлүп берилди.
Такталбаган жердин маселеси чечилмейинче мындай окуя кайтала берет. Ошол жерди тактап койсо мындай маселе чыкпайт эле. Өзбек тарап ушундай учурларда колдоно калууну каалап, такташууга барбай жатат.Курманакун Матенов
Аксыдагы жарандык активист Шекербек Камчыбек уулунун баамында, Өзбекстандын шарт койгону жөнсүз. Мындан улам кыргыз тарап коңшулардын талабына көнбөшү керек:
- Ал өзбек милициясы Орто-Токой суу сактагычынан сырт жагында жарандык кийим менен тапанча алып жүргөн. Биздин милиция ошол учурда колго түшүрүп алган. Өзбекстан бул жерде бизге шарт кое тургандай кырдаалда эмес. Суу бизден чыгып жатат, суу биздики. Биз кандай шарт койсок, ошол шарт менен алышы керек. Алар Үңкүр-Тоодогу тактала элек, талаштуу жерге келбеши керек эле. Биздин кыргыз тарап эки тараптуу келишимди аткарып, ал жакка аскер алып барбай жатат. Булар болсо бүгүн эки тик учак менен келип, бирөө кароолдо айланып турган, экинчиси конуп, жети милиция кызматкерин таштап кеткен. Азыр ал жакта поспорттук көзөмөл киргизип коюшту. Бул туура эмес.
Кудум ушундай эле окуя мындан толук үч жыл мурун 22-сентябрда болгон. Өзбек чек арачылары Үнкүр-Тоодогу Кыргызстанга таандык телерадио сигналдарын таратуучу станцияга кирип барышкан.
Чек ара кызматынын ошол кездеги жетекчиси Курманакун Матенов өзбек тарап Үңкүр-Тоодогу талаштуу тилкени тактоону созуп, аны өз кызыкчылыгына колдонгонду өнөкөткө айландырып алганын айтты:
- Ал мезгилде дагы биз Орто-Токой суу сактагычынан эки милиция кызматкерин кармап, кылмыш иш козгоп сотко өткөрүп беребиз деп жатканда Өзбекстан Үңкүр-Тоого чек арачыларын киргизип, биз менен соодалашканга аракет жасашкан. Такталбаган жердин маселеси чечилмейинче мындай окуя кайтала берет. Ал эми сокур ичегиге окшогон жер, ошо сокур ичегиге окшогон жерге чейинки эки чекити такталган. Ошол эки чекиттин аралыгы ашып кетсе бир жарым чакырым болот. Ошол жерди тактап койсо мындай маселе чыкпайт эле. Өзбек тарап ушундай учурларда колдоно калууну каалап, такташууга барбай жатат. Биз дагы аларга ар дайым эле кармалып кала бербей чара көрүшүбүз керек.
Үңкүр-Тоодогу телерадио сигналдарын таратуучу станцияга байланыштуу Өзбекстан Кыргызстанга 2007-жылдан бери эле доомат айтып келет. Быйыл жазында кыргыз өкмөтүнүн кошумча станция куруу тууралуу токтому боюнча талаш чыккан. Аксыда жергиликтүү кеңештин депутаттар "талаштуу жер Өзбекстандыкы" деп жазылып калганын айтып чыгышкан. Ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев доомат негизсиз экенин билдирген. Ушул жылдын апрель айында Кербен шаардык кеңеш чукул жабык жыйынга чогулуп, кошумча станция курууга жер бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алынган.