Бүгүн түшкү саат бирлерде нөшөрлөгөн жаандан улам Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, 70тей турак жайды каптаган. Шаардын жогору жагындагы Тогуз-Булак сел өткөрүү каналына суу ташкындап, сыртка каптап кеткен. Сел Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборун да чайып өткөн.