Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Иракта күрт күчтөрү Мосулду көздөй жылууда


Ирактагы күрт күчтөрү Мосулдун тегерегиндеги кыштактарга чабуулду 14-август таңда башташты.
Ирактагы күрт күчтөрү Мосулдун тегерегиндеги кыштактарга чабуулду 14-август таңда башташты.

Ирактагы күрт күчтөрү АКШнын колдоосу менен Мосул шаарынын жака белиндеги бир нече кыштакты “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан тазалоого киришкени жатат.

Жекшемби эртең менен башталган операция учурунда күрт күчтөрү экстремисттердин карамагындагы Мосул шаарынын чыгышындагы беш кыштакты бошотту.

Ирактагы экинчи ири шаар Мосулдун жака белиндеги кыштактарды экстремисттерден бошотуу операциясы жекшемби таңда башталды.

Андан бир аз мурдараак АКШ башында турган коалиция күрт күчтөрүнө абадан колдоо көргөзүп, “Ислам мамлекети” радикал тобунун болжолдуу жайларына сокку урган. Операциянын жүрүшүндө жихадчылар өкмөттүк күчтөрдү көздөй бомба коюлган автоунааларды коюп, соккунун мизин кайтарууга аракет көрүштү. Бирок экстремисттердин бул максаты ишке ашкан жок. Алардын автоунаалары убагында жок кылынды. Күрт колбашчысы Искандер Фариктин айтымында, соңку операцияга беш миңдей аскер катышууда:

- Биздин күчтөр эки багыттан чабуулду башташты. Биринчи багыт Вардак кыштагынан башталып Калнаш айылында аяктайт, ал эми экинчиси Кардаша айылынан Каретахка чейин созулат. Жалпы аянты 22 км түзөт, азыркы убакытка чейин 100 чарчы километрди бошоттук.

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади болсо Мосулду быйыл жыл соңуна чейин жихадчылардан бошотууну убада кылууда. Бирок калаанын өзүнө операция качан башталары азырынча беймаалым.

Бириккен Улуттар Уюму Мосул үчүн айыгышкан кагылышуулар эң ири гуманитардык кризисти пайда кылаарын эскертип жатат.

Эл аралык кызыл чырым уюмунун Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш боюнча координатору Роберт Мардининин айтымында, операция учурунда бул шаарды миллионго жакын адам таштап кетүүгө мажбур болот:

- Азыртадан эле Ирак калкынын ондон бири качкынга айланды. Күнүгө жүздөгөн үй-бүлөлөр турак жайын таштап качууга мажбур. Аларга коргоо жана жардам керек. Мосулда күтүлүп жаткан ири аскерий операция чоң гуманитардык кризиске түрткү болушу мүмкүн. Анын жыйынытыгында Ниневия провинциясы жана анын борбору Мосулдан бир миллионго жакын адам качкынга айланышы ыктымал. Бул нерсени чечүү үчүн бир эле каржы эмес, бул жерде туура уюштуруу жана муктаждарга жардам берүүгө даяр адамдардын тобу болушу зарыл.

БУУнун эсебинде Ирак жалпысынан 4,5 миллиард доллар гуманитардык жардамга муктаж. ​
БУУнун эсебинде Ирак жалпысынан 4,5 миллиард доллар гуманитардык жардамга муктаж. ​

Июль айынын соңунда Вашингтондо “Ислам мамлекети” экстремист тобуна каршы коалицияга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери чогулган. Алар Ирактагы экинчи ири шаарды экстремисттерден тазалоонун планын талкуулашкан эле.

Вашингтондон алыс эмес жайгашкан Эндрюс аскерий базасында өткөн эки күндүк жыйында операцияга даярдык көрүү, анын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу чаралары макулдашылган.

Ирак атайын кызматтарынын маалыматына ылайык, Мосулда “Ислам мамлекети” тобунун 10 миңдей согушкери бар.

Alsumaria телеканалы болсо алардын сегиз миңи Ирактын жарандары, ал эми эки миңге чукулу чет жактардан келип кошулгандар экенин билдирүүдө.

Ал эми The Military Balance журналынын маалыматына караганда, учурда Ирак армиясында 54 миңдей аскер бар, алардын дээрлик жарымы Мосулду бошотуу операциясына катышат деп болжолдонууда.

11-июлда Пентагондун башчысы Эштон Картер Иракка кошумча америкалык аскерлерди жөнөтүү чечимин кабыл алган. Алар шаарды бошотууда Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө көмөк көрсөтөт. Жалпысынан АКШ Иракка 560дай кошумча аскер жөнөтүүнү чечкен. Ошону менен Ирактагы америкалык жоокерлердин саны 4650гө жетет.

500 миңдей калкы бар Мосулду бошотуу боюнча операцияга даярдыкты Ирак армиясы 26-июнда баштаган. Анда өкмөттүк күчтөр Эль-Фаллужа шаарын экстремисттерден толук тазалаган эле.

Ирактын экинчи ири шаарын жихадчылар 2014-жылдын жайынан бери ээлеп турушат.

XS
SM
MD
LG