Орусия, Казакстан жана Армения өкмөт башчылары болсо биримдик алгылыктуу натыйжаларды да алып келип жатканын айтышып, оң жылыштарын да баса белгилешти. Бирок аны ишке ашырууда зарыл болгон олуттуу маселелер бар экенин айтышты.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстан аталган уюмга расмий мүчө болгондон туура бир жыл өткөндө уюштурулду. Тар жана кеңири отурум иретинде өткөн жыйында биримдикке мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери макулдашуулар алкагында өз өлкөлөрүндө ишке ашып жаткан иштерди ортого салышты.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр ортосунда башында макулдашылган сүйлөшүүлөр толук ишке ашпай жатканын, мындай абал уюмдун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип келатканын айтты:
- Соода алмашуу багытында тоскоолдуктар жоюла элек. Кыргызстан менен Казакстан ортосунда ветеринардык-санитардык көзөмөлдү алып салуу маселеси чечилбей келүүдө. Бирдиктүү транспорттук аймак, жүк ташуу маселеси көйгөй бойдон калды. Тоскоолдуктарды жаратуу ордуна бирдиктүү соода тармагын зыяндуу атаандаштыктан сактоо керек.
Июль айында Казакстан тарап тийиштүү эрежелерге ылайык эмес деп, Кыргызстандан барган тонналаган айыл-чарба азыктарын артка кайтарган эле. ЕАЭБге кирер алдында азык-түлүк жана башка товарларды экспорттоо жөнөкөйлөшүп, соода жанданары тууралуу айтылган убадалардан кийин жаралган мындай көрүнүш ишкерлердин шаабайын суута баштаган.
Айтор, жогорудагыдай маселелерден улам Сооронбай Жээнбековдун баяндамасында башкаларга салыштырмалуу көйгөйлүү маселелер козголду. Кыргыз өкмөт башчысы уюмга мүчө ар бир мамлекет өз улуттук кызыкчылыктарын коргоого акылуу экенин да кошумчалады.
Кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү 1-августта алуу жөнүндөгү макулдашуу аткарылган жок. Буга чейин кыргыз өкмөтү 1-августтан тарта көзөмөл алынып, эт-сүт Евразия экономикалык биримдигинин базарына тоскоолдуксуз сатыларын убада кылып келген. Бирок тиешелүү лабораториялардын ачылбагандыгынан веткөзөмөлдү алып салуу белгисиз мөөнөткө жылды.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын 2016-жылдын алты айындагы социалдык-экономикалык абалы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда, көп көрсөткүчтөр боюнча төмөндөп кеткен.
Ал эми Беларус премьер-министри Андрей Кобяков тез арада биримдиктин өнүгүүсү үчүн стратегиялык маселелерди чечүү зарылдыгына токтолду. Ошондой эле ЕАЭБнын бирдиктүү Бажы кодексин түзүү кечигип жатканын, күзгө чейин ал аягына чыкпай калуу ыктымалдыгын белгиледи:
- Беларус Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылган 2015-жылы да, Казакстан төрагалык кылып жаткан 2016-жылы да биз кайсы проблемаларды жоюуда чечкиндүүлүк кылбай жатканыбыз айтылган. Ал маселелерди чечип, уюмдун өнүгүүсүн камсыздашыбыз керек.
Кобяков дары-дармек соода системасын жолго коюу зарылдыгын белгиледи. Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү Бажы кодексин ушул күздө ишке ашыруу күтүлүп жатат.
Ал арада Кыргызстандын вице премьер-министри Олег Панкратов өлкө Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткандагы болжолдонгон ийгиликтер толук ишке аша электигин, буга соңку жылдардагы экономикалык кризис таасир берип жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн Сочиде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан соң журналисттерге билдирди:
- Уюмга мүчөлүккө өтүп жатканда бизде экономикалык өсүү жаатында алдын ала божомолдор бар эле. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон кез дүйнөдөгү экономикалык кризис өкүм сүрүп жаткан учурга туш келди. Ага карабай, айрым биз күткөн жетишкендиктер ишке ашты.
Панкратов буга Кыргызстандын жарандарына Орусияда миграциялык көйгөйлөр жеңилдегенин мисал келтирди.
Экономист Эрлан Камалов жогорудагы көйгөйлөрдү эксперттер алдын ала божомолдогонун “Азаттык” радиосуна билдирип, мындай маселелер жаңы шарттарга көнүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу экенин айтты:
- Экономикалык маселелеге өз учурунда оптималдуу чечимдер болбосо, ал ата мекендик азык-түлүктөрдү коргоо саясатына айланып кетет. Атаандаштыктан улам жасалма тоскоолдуктар пайда болушу ыктымал. Мындай абал ЕАЭБдин өнүгүүсүнө жолтоо болот. Негизи, мындай уюмдардын тарыхын карап чыксак, алгачкы эки-үч жылда эле ийгиликтүү болуп кеткен эмес. Ошол эле Европа Биримдиги да азыркы жетишкиндектерге чейин бир топ көйгөйлүү жолдорду басып өткөн. Ошондуктан, ЕАЭБ эртең эле жемиш берет дегенге ишенбей, өсүү жараянында экенин эске алуу зарыл.
ЕАЭБдин Сочиде уюштурулган жыйынында Бажы кодекси боюнча макулдашуу долбоорун мамлекеттер ичинде өз алдынча карап чыгуу шарттары, товар алмашууну жөнөкөйлөштүрүү, дары-дармек соодасын жөнгө коюунун абалы, Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусу менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагына товар ташууда жаралган көйгөйлөр сыяктуу маселелер тар жана кеңири отурумдарда талкууланды.
ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө.