Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Ошто жоголгон уйгур ишкери Кытайда камакта экени аныкталды


“Азаттыктын” күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Ошто 24-июндан бери дайынсыз жок болуп жаткан кытайлык уйгур ишкер Кытайда экени аныкталды. Кытай тараптан ал адам экстремизм боюнча айыпталып, ушул тушта абакта отурганы тууралуу маалымдама келди.

Ош шаардык милициясы тергөө иштери жүрүп жатканын жүйө кылып, бул окуя боюнча расмий комментарий берүүдөн азырынча баш тартып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ошто үй-бүлөсү менен убактылуу жашап жүргөн кытайлык ишкер кандай жагдайда кармалганы жана аны Кыргызстандын чек арасынан кантип Кытайга алып өтүп кетишкени тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Жоголду деген уйгур ишкердин жакындарынын арызынын негизинде буга чейин Ош шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Бекжан Ажыкулов камакка алынган.Тергөөнүн жүрүшүндө Ажыкуловдун машинасы кытайлык уйгурдун жоголушуна катышы болушу мүмкүн деген шектенүүлөр болгон. Ажыкулов кийинчерээк үй камагына чыккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG