Берни Сандерс 25-июлда Хиллари Клинтонду колдоп сүйлөп,“ Клинтон Кошмо Штаттардын кезектеги президенти болуп калыш керек” деди. Бирок анын тарапкерлери ага каршы болуп, ышкырып, келекелеп жатышты.
Хиллари Клинтонду Демократиялык партиядан талапкер кылып көрсөтүү үчүн курултайга 5 миңдей делегат Филадельфияга чогулду. Алар Республика партиясынын талапкери Дональд Трампка каршы күрөштө биримдүүлүктү көрсөтүүгө аракет жасашты. Бирок Сандерстин тарапкерлери ага башкача өң беришти.
Мына ушундай абалда Балтимор шаарынын мэри Стефани Ролингс-Блейк төрт күндүк курултайды ачты. Курултай биринчи жолу аялды президенттикке талапкер кылып көрсөтүүгө тийиш. Учурда Демократиялык партиянын талапкерин колдоп жаткан Берни Сандерс праймериз учурунда Хиллари Клинтонго каршы айыгышкан күрөш жүргүзгөн эле.(AiT)