Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Бийлик менен соттошкон журналисттин сайты жабылды


Аламүдүн райондук сотунун сот аткаруучулары тарабынан журналист Дайыр Орунбековго таандык maalymat.kg сайты жабылды. Коомчулук муну сөз эркиндигине киргизилген чектөө деп кабылдоодо.

Maalymat.kg сайты домендерди каттаган “Азия инфо” уюму тарабынан жабылган. Сайт ачылбай калгандыктан, уюмга кайрылган журналистке “Азия инфо” баракча сот чечими боюнча жабылганын билдирген. Бирок Дайыр Орунбеков сот аткаруучулардын сайтты жаптырууга укугу жок болчу деп “Азаттыкка” билдирди:

- Сот чечиминде мага караштуу мүлктөр камакка алынсын деп чечим чыккан. Ошондой эле чечимде “президент тууралуу мурда жазылган макаланы төгүндөсүн” деп турат. Сайт жабылышы тууралуу сөз жок эле. Булар болсо менин сайтымды жаап салышты. Сайт мүлк болуп эсептелбейт да. Эми макаланы төгүндөөчү сайтымды да жаап салышты. Менин оюмча, эми мага каршы “сот чечимин аткарган жок” деп, кылмыш иши козголушу да ыктымал.

Maalymat.kg сайтынын жабылышы боюнча Аламүдүн райондук сотунун сот аткаруучуларына кайрылып, жооп алалбадык. Өзүн Марат деп тааныштырган адам бул боюнча комментарий алуу үчүн жазуу түрүндө кайрылууну сунуштады.

Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

Эгер сот чечимине таянсак, Орунбековдун мүлкү камакка алынышы керек. Электрондук сайт мүлк болуп эсептелеби деген суроо менен мамлекеттик каттоо кызматына кайрылдык. Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматы боюнча, электрондук сайттар мүлк жөнүндөгү реестрде жок.

Электрондук сайтты менчикке сатуу менен алектенген компанияда иштеген адистин айтуусунда, сайтты бир адамдын же уюмдун жеке менчиги деп да айтууга болбойт. Анткени, сайтты иштетүүчү домен бир жылдык мөөнөткө берилет. Мындан тышкары хостингдин ижарасы үчүн сайт иштетүүчү ай сайын 50 доллардын тегерегинде акча төлөп туруусу керек.

Maalymat.kg сайтында негизинен оппозициялык маанайдагы макалалар жарыяланып келген. Ушундан улам аталган сайттын жабылышын айрым журналисттер сөз эркиндигине чектөө катары кабыл алышууда.

Zanoza.kg сайтынын баяндамачысы Нарын Айып бул сайттын жабылышы менен бийлик өзүнө жакпаган маалымат каражаттарын ооздуктоону баштады деп эсептейт:

- Эгер бийлик өзү элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, мыйзамдар иштеген болсо, мындай оппозициялык маалымат каражаттары да болмок эмес. Булар болсо эл үчүн эмес, өзүнүн, бийликтин кызыкчылыгын көздөп иштешет да, анан бизден да бийликти сындаган макалаларды жазбагыла деп, ооздуктагысы келип жатат. Бийликке каршы айткан адам сөзсүз жазаланышы керек деген гана чечим бар, эч кандай соттук адилеттүүлүк деген жок.

Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Ошол эле учурда айрым журналисттер жана маалымат каражаттары сөз эркиндигинен аша чаап, далили бар-жок экенине карабай, калп-чыны аралаш маалыматтарды таратуусун ушундай жолдор менен токтотуу керек дегендер да бар. Журналист Жакшылык Бердибеков maalymat.kg сайты жазасын туура эле алды деген пикирде:

- Башынан эле бул сайт калпты жазып, саясий тараптарды жамандоо менен алектенип келе жатат. Анда жазылган маалыматтардын көпчүлүгү фактысыз, журналисттик этикага дал келбеген маалыматтар болчу. Ошондуктан, эгер чын эле бийлик Maalymat.kg сайтын мыйзам чегинде жазалай турган болсо, мен аны колдойм.

Кыргызстандагы мыйзамдар боюнча электрондук сайттар маалымат каражаты болуп эсептелбейт. Бирок парламенттеги айрым депутаттар электрондук сайттарды маалымат каражаты деп каттоо тууралуу мыйзам долбоорун сунушташууда. Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун күзүндө карамакчы.

Дайыр Орунбеков maalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялап, анда июнь коогалаңына саясий баа берүү маселесин көтөргөн эле. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке миллион сомдук доо коюлган. Кийинчерээк дагы 1 миллион сомго көбөйтүлгөн. Журналист өткөн айдан тарта доону 200 сомдон төлөй баштаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG