"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: “Журналисттер” бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев, эркин журналист Семетей Талас уулу жана “Ынтымак” коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Каарманбек Кулуев.
“Азаттык”: Маалымат каражаттары Кыргызстанда демократиянын калыптанышында зор роль ойногону талашсыз. Ошону менен катар Бишкектеги “Медиа консалт” коомдук уюмунун соңку изилдөөсү көрсөткөндөй, айрыкча кыргыз тилдүү маалымат каражаттары этикалык эрежелер алкагынан чыгып, адамдардын ар-намысына, абийирине, ишкердик беделине доо кетирип жатат. Ал эми Медиа-Өкүл институту болсо редакциялар менен журналисттерге доо арыздар арбыганын белгилейт. Ушундан улам суроо пайда болот, Кыргызстанда журналисттик этика сакталабы?
Марат Токоев: “Медиа консалт” коомдук уюму бул сөздөрдү жөн жерден айткан жок. Алар атайын байкоо жасап, гезиттерди окуп, талдоо жүргүзүшкөн. Ошонун негизинде айтып жатат.
Ал эми Медиа-Өкүл институтунун маалыматтары да туура. Анткени алар сот иштери боюнча иш алып барышат, бул тууралуу маалыматтары бар.
Эмнеге кыргыз тилдүү гезиттерге сын көп? Жөнөкөй эле мисал, Кыргызстанда 80-90% эле кыргыз тилдүү гезиттер болуп жатат. Ошого байланыштуу да соттук иштердин үлүшү да башка тилдүү маалымат каражаттарга караганда көбүрөөк.
Азыркы маалымат каражаттардын көбү эл үчүн иштебей эле, заказ бергендердин буйрутмасын толук аткарганга аракет кылып жатышат. Эгер гезиттердин жашап кетүү мүмкүнчүлүгү эл ишенет-ишенбейт, жагат-жакпайт дегенге байланыштуу болсо, анда алар окурмандарын урматтап, толук, так маалымат бергенге аракет кылат эле. Азыркы гезиттер 5-8 миң нуска менен чыгып жатат. Муну менен гезит жашап кете албайт. Ошондуктан алар ар кандай заказдарды аткарып кеткен учурлар болууда.
“Азаттык”: Кыргыз тилдүү маалымат каражаттары чектен чыгып жатат дегенге кошуласызбы?
Семетей Талас уулу: Азыр кыргыз тилдүү гезиттерге ушундай сын-пикирлер айтылып жатат. Мен башынан айтайын. Шайлоо маалында бир нече ири партиялар менен иштешкен киши катары айтсам, Кыргызстанда азыр ар бир гезиттин артында демөөрчүсү турат. Ал балким депутат же таасирдүү чиновник болот.
Ар бир партия бараандуу гезиттер менен келишим түзөт да, ал өзүнүн платформасын бергенден сырткары кара пиар берет. Ушак, ээн ооздук - жеке эле кыргыз журналистикасы, гезиттерде эмес мамлекеттик деңгээлдеги кыргыздын трагедиясы.
Депутаттарды караңыздар, алар акылга сыйбас, абийирине шек келтирген, далилденбеген маалыматтар менен бири-бирин шыбап жатышат. Алар айтылбайт, бир нерсе болсо эле журналисттерге сын айтылат. Экинчиден, депутаттар, чиновник болсун маалымат катчылары иштебейт. Бир маалыматты тактоо кыйын.
Гезиттерде кыргыздын залкар адамдары, маданияты, тарыхына байланыштуу, интеллигенция, коом суусап турган материалдар качан чыгат деген маселе көтөрүлөт. Мисалы, мен мурда иштеген “Де-факто” гезити мындай макалаларды көп убакыт жазып келди.
Андан сырткары кыргыздын салт-санаасын жазган “Көк Асаба” гезити бар. Тилекке каршы, гезит базарында, китеп дүкөндөрдө Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу залкарлардын китеби өтпөйт, бирок детектив, ар кандай киши өлтүрүүлөр, секс жөнүндө жазгандар өтүп атат. Гезиттер да ошондой. Улутка жаңылык киргизели, коомду ойготолу деген гезиттердин нускасы өспөй, шоу-бизнес жана башкаларды жазгандардын нускасы көбөйүп жатпайбы?
Каарманбек Кулуев: Эң негизгиси эл, угармандар тарабынан ушундай талап болсо гана Кыргызстанда журналисттик этика сакталышы мүмкүн. Талап жок болсо сакталбайт. Чындыгын айтканда азырынча элде андай талап жок. Мисалы, ушак жазган гезитти сатып албай, окубай койсо бара-бара ал чыкпай калат.
Ошондой бир тараптуу, бирөөнүн камчысын чапкан телеканалдарды эл көрбөй койсо, эч ким жарнама бербей койот. Негизи система ушундай болушу керек. Бирок бизде маалымат такталганбы, жокпу ага карабайт деле. Ушак болсо болсун деп кызыктуу болсо көрө берет, окуй берет. Андай болгон соң журналисттер деле баарын жаза берет. Бул болгону базар экономикасы. Эл такталбаган маалыматты окуй берсе, журналисттер да жаза берет. Аны мамлекет дагы, башка түзүмдөр дагы өзгөртө албайт. Эл талап кылыш керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: