Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Балдарды коргоо бөлүмүнүн бир кызматкери 13 миң баланы тейлейт


Кыргызстанда Социалдык өнүгүү министрлигинин бала жана үй-бүлөнү коргоо боюнча иштеген ар бир кызматкерине 13 миңден бала туура келет. Бул жөнүндө бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.

Министрликтин демилгеси менен Ошто райондук жана шаардык башкармалыктардын жетекчилери үчүн семинар өттү. Анда балдардын үй-бүлөдөн ажырап, түрдүү оор кырдаалдарга туш болуусун алдын алуу боюнча жасалып жаткан иштер, пландар талкууланды.

Министр Кудайберген Базарбаевдин айтуусунда, айыл өкмөттөрүндө социалдык кызматты тиешелүү деңгээлде уюштурууга адис жетишпей жатканы балдарды коргоо системасын өнүктүрүүгө чоң тоскоол жаратууда.

Кыргызстанда, расмий маалымат боюнча, кароосуз калган балдардын саны 17 миңдин тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG