Мындай маалымат Жогорку Кеңеш былтыр түзгөн депутаттык комиссиянын 17-марттагы отурумунда айтылды.
Комиссия мүчөлөрү министр Аргынбек Малабаевге Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча сынакта жеңип чыккан Кытай ишканасына өкүл кылып атайын өз айылдашын дайындаган деген кине коюшту. Министр комиссия коюп жаткан дооматка карата комментарий бере элек.
Депутаттык комиссиянын түзүлүшүнө курулушчулардын министрлик жарыялаган тендерлерде жергиликтүүлөр эмес, дээрлик кытайлык компаниялар утуп жатат деген кайрылуусу негиз берген.
17-марттагы жыйында Балыкчы – Корумду каттамын куруу, Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жолду оңдоо жана малды идентификациялоо үчүн компьютер сатып алуу тендерлери олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугу тууралуу маалымат берилди.
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев миллиондогон сомго бааланган тендерлерди жеңип алган компаниядан аткаминерлердин төбөсү көрүнүп жатканын билдирди:
- Эмне үчүн Транспорт жана байланыш министрлигине караштуу Жол чарба департаменти бар болсо да, тендер жарыяланат? Бул ишке эмнеге "КыргызТрек" деп аталган менчик компания аралашкан? “КыргызТрек” компаниясынын беш негиздөөчүсү бар. Анын бири Руслан Сулайманов министрликтин алтынчы кабатындагы 603-бөлмөдө отурат. Тактап айтканда, тендердин баарын утуп жаткан адам мекеменин долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча топтун координаторунун орун басары.
Ал эми министр Аргынбек Малабаев бул маалыматты четке кагып, андай адам иштебей турганын айтты:
- Биз ИИМ же 5-башкармалык эмеспиз да, бизге жетекчиси гана келет. Анын баарын кайдан билмек элек? Аталган ишкана көзөмөл жүргүзбөйт. Долбоор боюнча кеңеш берүү менен алектенет.
Депутаттар билдиргендей, стратегиялык маанидеги жолдордун курулушу боюнча тендерди лицензиясы жок чет элдик компания жеңип алган. Эл өкүлү Талант Мамытовдун айтымында, студенттик виза менен келген кытайлык эки жарандын тендерге катышып, жеңүүчү болушу көптөгөн бүдөмүк ойлорду жаратууда:
- Алардын Кыргызстанда каттоосу да болгон эмес. Бул абдан чоң мыйзам бузууга жатат.
Министр Аргынбек Малабаев тендер эреже бузуулар менен өткөнүн моюнга алып, ал кезде башка жакта сапарда жүргөнүн айтуу менен чектелди:
- Мен чет мамлекетте жүргөм. Келгенимде орун басарым баарын даярдап койгон экен. Андан кийин тендер боюнча комиссиянын өкүлдөрүн чакырып, маселени талкуулагам. Басым-кысым болуп жатат деген кеп да тараган. Буларга мыйзам бузуулар болсо тендерди өткөрбөш керек деп айткам. Каттамды бир мезгилде толук бүтөбүз деген убада берип коюшкан экен. Эми биз жол салып жүргөн адамдарданбыз. Байкап көрүп, айтылган убакытта бүтө албайбыз деп маселени айтып чыккам.
Быйыл дүйнөлүк көчмөндөр оюну уюштурула тургандыктан, өкмөт аталган мекемеге Балыкчы – Корумду каттамында курулуш иштерин сынаксыз эле баштоого уруксат берген. Бирок ага карабай тендер жарыяланганы түшүнүксүз болууда. Аргынбек Малабаевдин айтымында, андан утуп чыккан Кытай ишканасы курулуш техникаларын убагында ала албагандыгына байланыштуу, жол да белгиленген мөөнөттө бүтпөй калуу коркунучуна кептелди.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жогорудагы кытайлык компаниянын Кыргызстандагы өкүлү Азамат Жунушалиев министрдин айылдашы экенин маалымдап, муну атайын уюшулган мүдөө катары баалады:
- Азамат Жунушалиев деген министрдин айылынан экен. Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде биринчи жолу миллиарддаган сом бөлүнүп, жол куруу ниети башталса, тендерди жеңип алган кытайлык компаниянын өкүлүнүн сиз менен айылдаш болуп чыгышын кантип түшүнсө болот?
Депутаттар бул суроого да Малабаевден оңдуу жооп алышкан жок. Аталган жигит экөө бир айылдан экенин моюнга алып, бирок аны менен капыстан таанышып калганын айтып, депутаттардын талоонуна калды.
Ал тапта сөз болуп жаткан Азамат Жунушалиев кытайлык "Лонг Хай" жол куруу компаниясынын жетекчисинин орун басары экенин Транспорт жана байланыш министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин катчысы "Азаттыкка" тастыктады.
Бул ишке эмнеге "КыргызТрек" деп аталган менчик компания аралашкан? “КыргызТрек” компаниясынын беш негиздөөчүсү бар.
Былтыр Транспорт жана байланыш министрлиги тендерлердин биринде 900 доллардан ноутбуктарды сатып алганы да эл өкүлдөрүнүн арасында нааразылык туудурган. Парламентте андай ноутбуктар базарда 300 доллар турары, баалар атайылап көтөрүлгөнү айтылган эле. Тендерлердин ачыктыгын камсыздоо – Кыргызстанда көптөн бери эле көтөрүлүп келаткан көйгөйлөрдүн бири. Аны чечүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар сайты ишке киргизилген.
Экономист Искендер Шаршеев бул ыкма деле маселеге чекит койбогонун, анткени аткаминерлерде бийликке акча табуу үчүн баруу керек деген түшүнүк адатка айланганын белгилейт:
- Электрондук сатып алуулар порталында тендер тууралуу жарыяланат. Бирок тендердик комиссиянын иши көрсөтүлбөйт. Бизде чоң кызматты бизнес катары кабыл алуу көндүм адат болуп, элге сиңип калбадыбы. Грузия, Сингапурдагыдай реформалар жүргүзүлмөйүнчө, абал оңолбойт. Мындай көрүнүш бир эле Транспорт жана байланыш министрлигине тиешелүү эмес.
Аталган мекеменин ишмердигине байланышкан акыркы маалыматтарга министр өзү жана кыргыз өкмөтү атайын комментарий бере элек. Депутаттык комиссия тендерге байланышкан териштирүүлөрдүн жыйынтыгын май айында чыгарып, тиешелүү органдарга сунуштарын бериши керек.