Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Казак тышкы иштер министри Атамбаевден кечирим сурады


Ташкендеги ШКУ саммити.
Ташкендеги ШКУ саммити.

Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкенде өткөн саммитинде Казакстандын дипломатиялык мекемесинде иштеген кызматкердин жосунсуз жоругу үчүн казак тышкы иштер министри Ерлан Идирисов Кыргызстан президентинен кечирим сурады. Коңшу мамлекеттин маалымат булактары тараткан кабарга ылайык, министр кызматкеринин кылыктары этикага дал келбестигин билдирген. Бирок ал мыкты адис экенин, жосунсуз аракеттери видеокамерага түшүп калганына бушаймандыгын белгилеген.

24-июнда Ташкендеги ШКУ саммитинде Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп жаткан учурда анын артында отурган Казакстан Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, 28 жаштагы Чингиз Карагужинов жыйындан тажагандай түр көрсөтүп, протоколдук чогулуштардын эрежесине сыйбаган кылыктарды жасаган. Бул абал коомчулукта кызуу талкууланган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG