Жумушчу топко өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика - Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев билдирди.
Жумушчу топ Кыргызстандагы тартип коргоо органдарын реформалоого салым кошууну максат кылат.
Кыргызстандагы күч түзүмдөрүн реформалоо маселеси Коргоо кеңешинин бүгүнкү жыйынында да башкы маселе катары каралууда.(BkA;ZKo)