Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Стамбулдагы терактты уюштурууга кыргызстандык катышканбы?


Ататүрк аба майданы
Ататүрк аба майданы

Түркиянын ички иштер министри Эфкан Аланын 30-июндагы маалыматы боюнча, "Ататүрк" аэропортунда өзүн жардырган жанкечтилерин биринин өздүгү такталды.

Калган экөөнү аныктоо иштери уланууда. Эфкан Ала ким экени белгилүү болгон жанкечти жана кандуу кыргынга кыргызстандык, өзбекстандык жарандын катышканы тууралуу маалымат айткан жок.

Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугу Түркиянын күч органдарына таянуу менен ДНК жана башка тиешелүү анализдер чыга электигин, террорчулардын тек-жайы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарлар так эместигин билдирди.

Ал арада Улуттук коопсуздук комитети да Стамбулда өзүн жардырган жанкечтилердин бири кыргызстандык деген маалыматты иликтеп жатканы кабарланды. Буга чейин түркиялык басылмалар террорчулар Кыргызстан, Өзбекстан жана Чеченстандын жарандары болгонун кабарлашкан. Андан кийин алардын баары чечен тектүү деген маалыматтар да тарады.

Стамбул аба майданындагы теракттан кийин полиция кылмышкерлерди кармоо боюнча издөө иштерин жүргүзүүдө. Тинтүүлөр Стамбул жана Измир шаарларында болду.

Стамбул шаарынын Ататүрк аба майданындагы 28-июндагы теракттан кийин түрк полициясы террорчуларды жана алар менен байланышкандарды катуу издөөгө киришти. Бул максатта полиция Стамбулда жана Измирде тинтүү жана рейд жүргүздү. Тинтүү учурунда Стамбул аба майданында жардырууга тиешеси бар деп шектелген он үч киши кармалганын, алардын үчөө чет өлкөлүктөр экенин "Анадолу" маалымат агенттиги кабарлады. Алардын “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмга тиешеси бардыгы айтылууда.

Түркиядагы "Миллиет" гезити Стамбулдагы аэропортко кол салгандар делген адамдардын сүрөтүн жарыялады. 30-июнь, 2016-жыл
Түркиядагы "Миллиет" гезити Стамбулдагы аэропортко кол салгандар делген адамдардын сүрөтүн жарыялады. 30-июнь, 2016-жыл

Түрк бийлиги да Стамбулдагы терактты “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюм жасаган деп шек саноодо. Дүйнөдөгү эң бир каттамы көп аба майдандын бири болгон Ататүрктөгү кол салуудан 42 киши өлүп, 230дан көп адам жарадар болгон.

Ал арада кыргыз тарап Стамбул аэропортунда өзүн өзү жардырган үч жанкечтинин бири кыргызстандык болушу ыктымал деген маалыматты териштирүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрилигинен кабарлашты.

"Стамбулдагы кыргыз консулдугунун кызматкерлери шаардын Террорчулукка каршы башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолукканда бул маалыматты бышыкталган жок" деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Айрым маалыматтарга караганда, аэропортто чабуул уюштургандардын үчөө тең Чеченстандан чыккандар болгон.

Стамбулдагы терактты уюштурган үч жанкечтинин бири кыргызстандык деген маалыматты түрк тарап расмий тастыктай электигин бүгүн "Азаттыкка" Стамбулдагы консул Руслан Молдакунов да билдирди:

- Расмий жыйынтыгы да жакын арада берилбейт. Себеби экспертизага кеминде 5-6 күн кетет экен. Анткени адам жарылгандан кийин андан эчтеке калбай калат да. Кимиси ким экенин расмий айта албайбыз дешти. Стамбулдун атайын кызматы үчөө тең чечен жараны деп расмий айтып жатат.

Теракттан набыт кеткен Мухаммад Айман Демиржини жерге берүү учуру. Түркия, 30-июнь, 2016-жыл
Теракттан набыт кеткен Мухаммад Айман Демиржини жерге берүү учуру. Түркия, 30-июнь, 2016-жыл

Ал эми түркиялык "Хүрриет" жана "Миллиет" басылмалары террорчулардын бири дагестандык, экинчиси өзбекстандык, дагы бирөө кыргызстандык экенин айтууда.

Андан мурдарак "Миллиет" гезити Стамбулдагы терактты жасагандар тажикстандыктар болуш мүмкүндүгүн жазды. "Хабер-түрк" телеканалы аба майданга чабуул койгондордун бирөө чечен болушу ыктымалдыгын кабарлаган. Анын Сириянын Ракка шаарынан келгендиги жана ысмы Осман Вадинов экендиги аталууда. Бул маалыматтар бирок расмий түрдө ырастала элек.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги да кыргыз жараны Стамбулдагы террордук чабуулдарды уюштурган деген маалымат боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө. ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев буларга токтолду:

- Тактоо иретинде териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок алардын арасында биздин жаран бар болчу деп айта албайбыз.

Бул арада Анкара Түркия террорго каршы күрөштө ийилбесин билдирди. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган:

- Түркия эң бир жексур террордук топтордун бутасына алынууда. Биз сыноодон өтүп жатабыз. Менде террорду, террордук уюмдарды жана террордук чабуулдарды жеңерибизге эч кандай күмөн жок.

Дүйнөлүк мамлеттер теракттардан жабыркаган Түркияга көңүл айтып, террорчулукка каршы күрөштө бирге экенин билдиришүүдө.

АКШ президенти Барак Обама Стамбулдагы теракттан кийин түрк президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөн:

- Президент Эрдоган менен сүйлөшүүгө менде бүгүн мүмкүнчүлүк болду. Анда зээнди кейиткен өлүмдөр, жарадарлар жөнүндө эле эмес, НАТО боюнча өнөгүбүз болгон Түркияга бекем колдообузду билдирип, “Ислам мамлекетине” каршы күрөштү сүйлөштүк.

Барак Обама АКШ Түркия калкы менен экенин жана Стамбулдагыдай теракттар болбош үчүн баарын жасоого аракеттер көрүлөрүн белгилеген.

Террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү 28-июнда президент Режеп Тайып Эрдоган менен Орусия президенти Владимир Путиндин телефондогу сүйлөшүүсүндө да белгиленген. Европа Биримдигинин лидерлери да Түркияга көңүл айтып, колдоосун билдиришти.

Стамбулдагы теракт үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бийлик жогоруда аталгандай “Ислам мамлекети” аталган терордук уюмду айыптоодо. Ар кандай теракттарга жоопкерчиликти ала коюучу "Даиш" азырынча үн ката элек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG