Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Жогорку Соттун алдындагы акция аяктады


-
-

Бүгүн Жогорку Соттун алдында Апрель окуясында жабыркагандар соттолгон төрт адамдын мунапыс менен боштондукка чыгышына каршы акция өткөрүштү. Жалпысынан 50дөй адам чогулуп, айрымдары тосмого чыгып кеткени болбосо акция тынч аяктады.

Чогулгандардын алдына Жогорку Сот өкүлдөрү чыгып, бардык маселе мыйзам чегинде чечилип жатканын, кийинки соттук отурум 20-июлда болорун айтышты.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

Ал эми мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиевге, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго жана УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиев 10 жылга соттолгон. Ушул айдын башында Аскер соту алардын тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, аларга карата мунапыс жарыялаган.

Бирок бул чечимге байланыштуу жабыркаган тарап Жогорку Сотко кайрылгандыктан, алар бошотула элек. (RK)

XS
SM
MD
LG