Республикалык Аскер соттогу бир нече күнгө созулган өкүм окуу жума күнү аягына чыкты. Нурлан Ашымбеков төрагалык кылган аскер сотунун коллегиясы биринчи баскычтагы Бишкек аскер сотунун өкүмүн дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. Ага ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен бир тууган иниси, мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылса, мурдагы президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев 27 жылга кесилди.
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылды. Соттун мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороев жана президенттик катчылыктын экс-башчысы Оксана Малеваная он жылдан эркинен ажыратуу тууралуу өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.
Ал эми “Альфа” жана “Арстан” атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери акталды.
Алгачкы соттук инстанцияда ден соолугуна байланыштуу үй камагында калтырылган УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов менен Мамлекет күзөт кызматынан мурдагы төрага орун басары Данияр Дунгановду сот залынан камакка алуу өкүмү чыгарылды:
- Мурат Суталинов менен Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынсын. Сот чечими күчүнө киргенге чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камалсын, - деген өкүм чыгарды аскер соту Нурлан Ашымбеков баштаган соттук коллегия.
Буга чейин абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан президенттин мурдагы кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, баш прокурор Нурлан Турсункулов, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороев жана мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаевге Дунганов менен Суталинов барып кошулду.
Өкүмгө ыраазы жана нааразы болгондор
Ошентип 90дон ашуун адам каза болгон, 300дөн ашык адам жараат алган окуя боюнча алты жылдан бери уланып келген соттун экинчи баскычындагы өкүмү чыкты.
Апрель окуяларынын катышуучулары жана жабырлануучуларынан турган “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев сот өкүмүнө канааттанып, көксөөсү сууганын билдирүүдө:
- Соттор чечим кабыл алды. Биз мурунку сотту да канааттандыраарлык деп тапканбыз. Негизинен Бакиевдер сыртынан болсо да өмүр бою кесилди. Кудай буюрса эртеби-кечпи алар жазасын алышат.
Сотто жабырлануучулардын таламын коргогон адвокат Осунбек Жамансариев Аскердик соттун өкүмүнө жалпысынан канааттанганы менен, негизги айыпталуучулардын эркиндикте жүрүшүнө нааразы болууда:
- Негизи Бакиевдер баш болгон эң жоопкер адамдар, анабашчылардын кармалбай, эркиндикте жүргөнү өкүндүрөт. Алар кармалып жазасын тартса жакшы болмок. Соттун негизги мааниси ушунда болмок. Тилекке каршы, андай болбой жатат.
Жамансариев Республикалык соттун өкүмү боюнча акыркы соттук баскыч болгон Жогорку Сотко доо арыз жолдоо тууралуу чечим кабыл алына электигин билдирди. Бул боюнча жабырлануучулар жакынкы күндөрү кеңешүүгө чогулат.
Айыпталуучулардын адвокаттары сот чечими боюнча учурда ойлонуп жатканын билдирди. Сот залынан камакка алынган Мурат Суталинов жана “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлерин укугун коргоп жаткан “Адилет” укуктук клиникасынан бул боюнча кийинчээрек комментарий берерин билдиришти.
Мааниси жоголгон өкүм
Коомчулукта узакка созулган соттун өкүмү анча көп талкууга алынган жок. Бул анын мөөнөтүнүн создугушу менен түшүндүрүлсө, экинчи жагынан башкы айыпталуучулардын камалбаган соң сот чечиминин салмагы азайды деп айткандар чыгууда.
Апрель окуяларынан кийинки Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, саясий ишмер Эмилбек Каптагаев убакыттын өтүшү менен сот өкүмүнө көңүл буруу азайганы менен анын тарыхый мааниси чоң экенин белгилейт:
-Убакыттын өтүшү менен коомдун пикиринен бир аз четтегенсип, маалыматтык деңгээлде ошондой көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул соттук өкүмдүн актуалдуулугун азайтпайт. Азыр качып жүргөндөр өз жазасын алчу убакыт деле алыс эмес. Соттун өкүмү чыгып, биздин колубузда мыйзамдык негиз бар. Муну тарыхый окуя катары бааласак болот.
Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев негизги күнөөкөрлөрдү Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча аракетти токтотпош керек экенин билдирүүдө:
- Тилекке каршы, Беларус биздин өтүнүчтү аткарбай, Бакиевдерди берүүдөн баш тартууда. Бирок ал өлкөдө саясий кырдаал өзгөргөнгө жараша Беларус бийлиги аларды бизге бериши мүмкүн. Бул үчүн биз тынымсыз аракет көрүшүбүз керек.
2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Бул иш боюнча экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Ок атууга күнөлүү деп табылган мурунку президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныш жана улуу уулу Марат Бакиевдер учурда Беларуста баш калкалап жүрүшөт. Ал эми мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов коңшу Казакстанда деген маалымат айтылып келет.