Марат Казиев апрель окуясында окко учкандардын бири. Ал набыт болгондо келинчегинин курсагында калган кызы Мадина быйыл алты жашка чыгат. Марат Казиевдин атасы Замир Казиев апрель окуясы боюнча күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алчу күндү күтүп жүргөнүн “Азаттыкка” айтты:
- Мына, алтынчы жыл кетип баратат. Такыр канааттанган жокпуз. Жеке мен эле эмес, жакындарын жоготкондордун баары канааттанган жок.
Апрель окуясында уулун жоготкон Замир Казиев бийлик алты жыл аралыгында элге ок аткан айыптуулардын өлкөгө алып келинип, жоопко тартылбаганына бийликтин кызыкчылыгы бар деп эсептейт:
- Бакиевдерди алып келип, жоопко тартса болмок. Аны жасашкан жок. Менимче, бийлик өзү аларды алып келбегенге кызыкдар. Булар бийликке келип отурууну гана максат кылышкан. Андан башка иштери жоктугу көрүнүп калды. Беш жыл бою сотко үзбөй катышып келдим. Былтыр жаздан бери барбай койдум. Себеби барсаң, сотко чакырылган кишилер келбейт, улам артка жылдырышат. Бизде деле оокат, үй турмуш деген бар да. Баары бир жыйынтык чыкпайт экен.
Үч жылдан ашуун убакыт жана 64 том
Апрель окуясы боюнча сот иштери 2010-жылы 30-ноябрда башталган. Алгач коомчулуктун талабы менен Спорт сарайында ачык башталган соттук териштирүү ошол туштагы жардыруулардан улам Бишкек аскердик гарнизондук соттун өзүндө жүрүп келди.
Үч жарым жылга созулган иштеги материалдардын жалпы көлөмү 64 том болуп, бул иште 300дөн ашуун адам жабырлануучу катары өттү. Эки тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын жалпы саны 20дан ашып, мамлекеттик айыптоо ишине жети прокурор катышкан.
Апрель окуясы боюнча соттук териштирүүнү баштан аяк судья Дамир Оңолбеков карап, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган. Анын негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылган. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга сыртынан кесилген. Сыртынан соттолгондордун арасында президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная да бар, ал 10 жылга сыртынан соттолгон.
Ал эми президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. Учурда камалып отургандардын ичинде Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев, атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев да бар. Сот өкүмү менен Темирбаев 22 жылга, Жолдошалиев алты жылга кесилген.
Ал эми 20 жылга эркинен ажыратылган Суталинов саламаттыгына байланыштуу сот өкүмү күчүнө киргенге чейин үй камагына алынган. Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылып, ал да ден соолугунан улам үй камагына чыгарылган.
Негизги айыпталуучулардын ичинен мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевге карата кылмыш иш кыскартылган.
Сотко доомат көп
"Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын айыпталып жаткан аскерлери болсо акталышкан. Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмүнө эки тарап тең нааразылыгын билдирип, Жогорку Сот бутагына кайрылышкан.
Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев Мамлекеттик күзөт кызматынын командирлери Рысбек Бойтоков менен Олег Ребеноктун акталышына нааразылыгын билдирип, апелляциялык арыз жазган. Жамансариев апрель окуясы боюнча соттук териштирүү көпкө созулду, аягына чыккан жок деген пикирлерге кошулбайт:Бакиевдерди түбөлүккө кестик деп алдап жатканын эл билип эле турат. Мына, экинчи инстанцияда деле сот Ак үйдү гана угуп, алар кандай буйрук берсе, ошондой өкүм чыгарат.Качкын Булатов
- Биринчи сот бутагында үч жарым жылга созулган териштирүү экинчи сот бутагында деле ошондой каралып келатат. Күбөлөр суралышы керек, бардык аракеттер кайра сот залында каралып чыгат. 400дөн ашуун жабырлануучу бар, күбөлөр ошончо. Алардын көпчүлүгү экинчи инстанцияга келбей коюшту. Эми аягына чыга жаздап калды, 17-февралда болчу сот жараянында жарыш сөз болот. Менин жеке пикиримде, апрель окуясы боюнча сот өкүмү адилет чыкты. Эми пикирлер ар кандай да.
Ошентсе да, апрель окуясы боюнча соттук териштирүү үстүртөн, формалдуу түрдө болуп жатат деген пикирлер да жок эмес. Бакиевдин башкаруу режимине каршы чыгып келген укук коргоочу, “Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатов Бакиевдер мамлекетке келтирген зыяны, апрель окуясы жана башка кылмыш иштери үчүн жоопко тартылууга тийиш болчу деп эсептейт:
- Формалдуу түрдө гана өтүп жатат. Бакиевдерди түбөлүккө кестик деп алдап жатканын эл билип эле турат. Мына, экинчи инстанцияда деле сот Ак үйдү гана угуп, алар кандай буйрук берсе, ошондой өкүм чыгарат. Ошондуктан, мен апрель окуясы деле адилет талданып, так саясий баасын алат деп ишенбейм.
2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоолордун натыйжасында Бишкекте 87 адам окко учкан. Кийин териштирүү учурунда анын 77си гана борбордук аянтта каршылык акциясы учурунда ок жеп, каза тапканы аныкталган.
7-апрелдеги жараат алгандардын башын кошкон “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин акыркы тизмеси боюнча алардын саны 520. Өткөн жылдары аталган коомго апрель окуясына тиешеси жок кишилерди деле “жабырлануучу” деп киргизип, мамлекеттен үй алууга кезекке тургузууда деген дооматтар айтылган.