Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Сариева: 95 мектепте гана психолог бар


Мектеп окуучулары
Мектеп окуучулары

Жогорку Кеңеш балдардын арасында өз жанын кыюу учурларынын көбөйүп кеткендигине байланыштуу өкмөттүк саат өткөрүүдө. Билим берүү министри Эльвира Сариева билдиргендей, өткөн жылы 96 мектеп окуучусу өз жанын кыйган. Бул сандар 2014-жылы 106 балага чейин жеткен.

Депутат Дастан Бекешев мектептерде милдеттүү түрдө психологдор үчүн жумуш орундары болушу керек деген демилгени көтөрдү. Эгерде психологдор окуучулар менен тыгыз иштесе, көптөгөн жан кыюулардан алдын алса болот, – дейт эл өкүлү.

Билим берүү министри Эльвира Сариева Кыргызстан боюнча 2200дөн ашуун орто мектеп болгону менен, 95 мектепте гана психологдор бар экенин айтып, дээрлик бардыгы ата-энелердин көмөгү астында кошумча штат менен ачылганын билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG