Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

2016-жылкы туристтик сезонго камылга көрүлө баштады


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Чек ара кызматынын маалыматында, бул маселе башкы штабда туризм, күч түзүмдөрү боюнча министрликтердин жана туристтик операторлордун катышусунда талкууланды. Катышуучулар Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн чек арадан өтүү жол-жобосу жеңилдетилген шартта туристтердин агымы көп болорун белгилешти. Мындан улам чек ара кызматына көзөмөл-өткөрүү пункттарында ишти жакшыртуу чаралары көрүлүп жатканы айтылды.

Бул тармак боюнча тийиштүү ведомстволор тарабынан өз аракеттерин макулдашылган тартипте жүргүзүү сүйлөшүлдү.

Адистердин айтымында, соңку эки жылда Кыргызстанга чет жактан келген туристтердин саны өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын тогуз айында өлкөдө 1 миллион 156 миң турист катталса, анын 820 миңи жайында Ысык-Көлгө эс алууга келгендер. Эс алуучулардын 70 пайыздан ашыгын жергиликтүү жарандар түзөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG