18-марттан 20-мартка чейин Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Олимп оюндарына жолдомо бериле турган Азиялык лицензиялык мелдеш болуп өттү. Бул турнирде Кыргызстандан барышкан грем-рим күрөшчүлөрү Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев жана Айсулуу Тыныбекова олимпиадага катышууга лицензия алышты. Мелдеш жыйынтыгында кыргыз балбандары эки алтын, эки күмүш, төрт коло байгеге ээ болду.