Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:19

Жириновскийдин партиясы Горбачев менен Ельцинди күнөөлөп жатат


Владимир Жириновский
Владимир Жириновский

Орусиянын либерал-демократтар партиясы (ЛДПР) СССРдин акыркы президенти Михаил Горбачев менен Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельцинди “мамлекетти бүлгүнгө” учураткан деп күнөөлөп, аларды саясий кылмышкерлер деп атоо боюнча Думага сунуш киргизди.

15-март күнү Думанын төмөнкү палатасынын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө Горбачев менен Ельцин “СССРдин тарашына жана 1990-жылдары миллиондогон кишинин өмүрүн кыйган улуттар аралык кагылыштарга, аскерий конфликттерге, бейпилдиктин төмөндөп кетишине жоопкер экени” айтылат.

Эгер бул сунушка 450 депутаттын 226сы макулдук берсе, ал күчүнө кирет.

Улутчул жана шовинисттик көз караштары менен таанылган Владимир Жириновский жетектеген ЛДПР парламентте 56 орунга ээ.

XS
SM
MD
LG