Ошто 206 батир күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилди. 2010-жылкы июнь окуясынан жабыр тарткандарга деп курулган турак жай укук коргоо органдарына акысыз тапшырылды. Айрымдар батирлер көбүнчө муктаж эместерге таратылып кеткенин айтышса, кээлери үй берүү жергиликтүү кеңешти шайлоо алдында өтүп жаткан үгүт катары баалашууда.