Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Спикер депутаттардын бардыгын ишембиликке катышууга үндөп, иш-чара ботаникалык бакта орун аларын кабарлады.
- Ботаникалык бактын аянты чоң. Биз бир күндө ал жердеги таштандыларды тазалап кетүүнүн аракетин көрөлү. Бизге аскерлер да жардам беришет, – деди Жээнбеков.
Жыйында айрым депутаттар буга чейинки ишембиликте отургузган бактар өнбөй жатканын айтышса, төрага отургузулган бактардын 90 пайызы өнгөнүн билдирди. (SDz)