Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Петербургда уурулук кылган кыргыз жараны кармалды


Орусияда иштеген борбор азиялык мигранттар
Орусияда иштеген борбор азиялык мигранттар

Орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, 7-мартта Санкт-Петербургда үч мигрант түстүү темирлерди уурдоо үчүн «Лосево-Каменногорск» темир жол аймагына киришкен. Түнкү саат үчтөр чамасында алар 52 жаштагы кароолчунун көзүнө аэрозоль чачып, жип менен байлап коюшкан. Андан соң темир жол курулуп жаткан аймактан түстүү металлдарды уурдап, из жашырып кеткен.

Петербург полициясы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында Борбор Азиянын үч жараны кармалып, алар Орусияда каттоосуз жүргөнү аныкталганын билдирүүдө.

Кармалгандардан экөө Өзбекстандын жараны, бири 33 жаштагы Кыргызстандын жараны экени маалым болуп, аларга "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG