Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:50

Акыйкатчы шайлоого байланыштуу сот жараяны уланууда


Бүгүн Бишкектин район аралык сотунда Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоодогу ачык-айкындуулук маселесин кароо уланат. Бул тууралуу сотко арыз менен кайрылган укук коргоочу Рита Карасартова кабарлады.

Омбудсмендикке талапкерлигин коюп, бирок шайлоодо өтпөй калган Карасартова добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда. Ал Жогорку Кеңеш депутаттары шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бергенин айтып, "сот аркылуу парламентти укуктук аянтчага айландырууга аракет кыларын" билдирген.

Жогорку Кеңеште 30-декабрда өткөн шайлоодо 3 талапкердин ичинен бийликчил КСДП жана “Кыргызстан” партиялары сунуштаган Кубат Оторбаев 63 добуш менен жеңишке жеткен.

Соңку соттук отурумга Жогорку Кеңеш өкүлү келбей калган болчу.

Карасартованын укугун бул жараянда "Прецеденттер мектеби" уюму коргоп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG