Бул тууралуу шейшемби күнү өкмөттөн кабарлашты. Дыйкандардын жазгы-талаа жумуштары үчүн бул суммадагы акча бөлүнүп, аны ылдам берүү жана шарттарын жеңилдетүү тапшырмасы өкмөт башчы тарабынан берилди.
Өкмөт дыйкандарга 2 млрд. 800 млн. сомдон сырткары дагы кошумча каражат бөлүүнү караштырып жатат. (AiT)