Бул жолу да Бишкектеги №4 төрөтканада жугуштуу сарык менен ооруган дарыгерлер иштейт деген маалымат Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, коомдо кызуу талкуу жаратты. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул маселеге арналды. Төрөтканада оорулуу дарыгерлер иштеши келечек муундун саламаттыгын тобокелдикке салуубу же бул кесиптештердин бири-биринен ич ара өч алуу аракетиби? Медициналык башка мекемелерде кургак учук, СПИД менен ооругандар жокпу?
Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова, Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-профилактикалык бөлүмүнүн башчысы Айгүл Бообекова, коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси, Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментинин директорунун орун басары Бактыгүл Жаилова жана Бишкектеги №4 төрөткананын мурдагы акушер-гинекологу Шаарбүбү Кадырова катышты.
“Азаттык”: Шаарбүбү айым, сиз №4 төрөтканада сарыктын С формасы менен ооруган 11 дарыгер иштейт деп билдиргенден кийин саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев аны “Калп, дарыгерлер оорулуу эмес” деп парламентте билдирди. Чын эле оорулуу догдурлар иштейби же өч алайын деп эле айтып жатасызбы?
Шаарбүбү Кадырова: Өч алат деген жаш баланын сөзү да! Мен медицинада 30 жылдан бери иштеп жүрүп көз жуумп коё алган жокмун. Оорулуу врачты эч ким иштетпей коё албайт, бирок оорулуудан врачка жуккандай эле врачтан бейтапка жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мен алардын анализдери туура эмес чыкканы жөнүндө департаментке бир жыл мурун эле айткам. Мен жөндөн-жөн калп айта албайм.
“Азаттык”: Бактыгүл айым, Шаарбүбү айым айткан маалыматты мурда министрлик билчү беле? Оорулуу дарыгерлер кайсы бөлүмдөрдө иштешчү? Төрөтканага түшкөн энелер менен балдардын келечеги чын эле тобокелдикке салынып калдыбы?
Бактыгүл Жаилова: Оорулуу кызматкерлер иштей албайт.
Бактыгүл Жаилова: Кыргыз өкмөтү тарабынан 225-токтом чыгарылган. Ага ылайык медициналык кызматкерлер жыл сайын бир жолу медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. Текшерүүдө сарыктын В жана С түрлөрүн алып жүргөн 700-800 медициналык кызматкер аныкталат. Бул оору эмес, алар вирусту алып жүрүүчүлөр. Алар иштебесин деп эч бир документте жазылган эмес. Өкмөттүн 32-токтому бар. Ошондо көрсөтүлгөн стандарттарды ар бир мекеме аткарууга милдеттүү.
“Азаттык”: Айгүл айым, Республикалык СПИД борборунун дарыгерлери өлкө боюнча 72 медициналык кызматкер СПИД менен ооруп, алардын алтоо каза болуп, азыр 44ү гана дарыланып жаткандыгын билдирди. Калган 22 адам башкаларга жугузбайт деген кепилдик барбы? Анан министрлик сарык, кургак учук сыяктуу жугуштуу оорулардын кантип жугуп жаткандыгын эмне үчүн дыкат иликтеп, алардын санын азайтуу үчүн эмне үчүн чындап чара көрбөй жатат?
Айгүл Бообекова: Саламаттык сактоо министрлиги абалды көзөмөлдөп жатат. Токтом, буйруктардын негизинде иш жүргүзүлүп жатат.
“Азаттык”: Жылдыз айым, акыркы иликтөөлөр боюнча сарыкты жугузгандардын 97-98% ийне менен жана маникюр аспаптарынан жугузган экен. Дарыгерлердин жоопкерчилигин жогорулаткан мыйзам жана парламенттин катуу көзөмөлү зарыл деген ойдосузбу?
Жылдыз Мусабекова: “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей бул маселе өтө катуу талкуулана баштады. Парламенттеги аял депутаттар кечээ чогулуп, калктын жана дарыгерлердин талабын канааттандыра турган мыйзамдарды кабыл алуу боюнча талкуу жүргүздүк. Бул маселени врачтар менен талкуулап туруп, мыйзамды даярдоо аракетин көрөбүз. Анткени, көйгөйдүн баары жоопкерчиликсиз мамиледен улам чыгып жатат.
“Азаттык”: Баарыңыздар өкмөттүн токтомдору сактап калчудай болуп, ошонун негизинде иштейбиз деп жатасыздар. Бирок жугузбайт деп ким кепилдик берет? Абалды оңдоо үчүн эмне кылуу керек?
Айгүл Бообекова: Чындыгында, биздин мыйзамдарда же токтомдордо оорулуу врач иштен четтетилет же иштей берет деген так жобо жок. Ушул маселеге тактык киргизүү зарыл экендигин баса белгилейм. Андан тышкары ар бир адам өзү да жоопкерчиликтүү болушу керек.