Улуттар Уюму эл аралык коомчулукту согуштан жапа чеккен ирактыктарга жардам ирээтинде 861 миллион доллар бөлүп берүүгө чакырды.
“Биздин башкы максат-өзгөчө оор абалдагы адамдарга эң керектүү тамак аш, суу, чатыр жана акчалай жардам көрсөтүү”-деп билдирди Багдадда өткөн уюмдун жыйынында Ирак боюнча гуманитардык жардамдын координатору Лиз Гранд.
Ирактагы согуштан улам 3,3 миллион адам үй-жайын таштап өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 31-январда жарыяланган өкмөттүн отчетуна ылайык, бул жылы гуманитардык кризистен чыгуу үчүн 1,5 миллиард доллар керек. Учурда Ирактын бир катар шаарлары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун карамагында.