Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Колумбияда быйыл Зика вирусуна жарым миллион киши чалдыгышы мүмкүн


Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2016-жылы Түштүк, Борбордук жана Түндүк Америкада бул вирустан 3-4 миллион киши жабыркашы мүмкүндүгүн билдирген .
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2016-жылы Түштүк, Борбордук жана Түндүк Америкада бул вирустан 3-4 миллион киши жабыркашы мүмкүндүгүн билдирген .

Колумбиялык дарыгерлер бул вируска чалдыккан кош бойлуу аялдар бир апта ичинде эки эсе көбөйгөнүн, азыр оорулуулар 2000 кишиден ашканын билдирүүдө. Чиркей аркылуу тараган бул вирус азыр региондогу 20дан ашык мамлекетте катталды.

Оорунун белгилери билинбейт, мындан улам аны аныктоо кыйынчылык жаратат. Бирок ага кош бойлуу аялдар чалдыккан учурда, ичиндеги ымыркайдын баш сөөгү өрчүбөй, кичинекей болуп төрөлөт. Бул өз кезегинде баланын акыл эсин жабыркатат.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2016-жылы Түштүк, Борбордук жана Түндүк Америкада бул вирустан 3-4 миллион киши жабыркашы мүмкүндүгүн билдирген. Буга байланыштуу аталган уюм 1-февралда шашылыш жыйынга чогулуп, Зика вирусунун коркунучун аныктаганы жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG