Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Өзбекстан: фермердин шайын оодарган айып


Ширин Турсунова баласы менен
Ширин Турсунова баласы менен

Өзбекстанда “Ислам мамлекети” тобу менен байланышы бар деп айыпталып, кармалган этникалык армяндын аялы Ширин Турсуновага басым көрсөтүлүп жатканы кабарланды.

Анда Ширин Турсунова Жизак облусунун Пахтакор райондук акимчилигине чакыртылып, ага райондук жетекчилик күйөөсүнүн иши боюнча эч кимге эч нерсе деп айтпай, үйүндө тынч отурушун талап кылган. Өзбекстандагы армян фермеринин диний радикализм боюнча оор кылмышка айыпталган тагдырына расмий Ереван байкоо салып турат.

Токулган кылмыш ишинин таржымалы

“Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы диний радикализмге шектелип, жакында камакка алынган жизактык фермер, этникалык армян Арамаис Авакяндын аялы Ширин Турсунова менен байланышкан. Анын айтымында, 18-январь күнү жергиликтүү акимчиликке аңгемелешүүгө чакыртышкан. Жолугушуу учурунда жергиликтүү чиновниктер фермердин аялына күйөөсүн камакка алууга Жизактын Пахтакор районунун акими Гафур Каршибаевдин катышы жоктугун айтып, ынандырууга аракет жасалган.

Ширин Турсунова аны акимчиликтин аялдар комитетинин төрайымы чакырып, жолугушууга акимдин орун басары баш болгон бир топ аткаминерлер катышканын айткан. Жолугушууда балык чарбасынын кожоюну, фермер Арамаис Авакяндын камакка алынышы тууралуу эл аралык маалымат агенттиктеринин интернет сайттарына жарыяланган материалдар менен аны тааныштырышып, бирок бул ишке акимдин эч кандай тиешеси жок экенин айтышкан.

Ширин Турсунова ага басым көрсөтүүнүн кесепети саламаттыгына таасир эткенин “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирген:

- Ошондон бери өзүмдү жаман сезип жүрөм. Жүрөгүм бат-бат кармап, эс-учумду жоготкон учурлар болду. Ошол жолугушуу учурунда сиздин күйөөңүздү соттон актаганга жардам беребиз деп жооткотушту. Анын жаман жигит эмес экенин айтып, колдон келишинче абактан бошотконго аракет кылабыз деп сөз беришти. Бирок бул ишке акимдин эч кандай тиешеси жок экенин, анын атын атоодон алыс болушум керектигин айтып, шарт коюшту.

Көздү кызарткан киреше

Жизактагы этникалык армян, 33 жаштагы балык чарбасынын кожоюну Арамаис Авакян былтыр 4-сентябрдан бери “Ислам мамлекети” террорчул тобу менен байланышы бар деген айыптоо боюнча камакта отурат. Бирок Авакяндын жакын туугандары анын камакка алынышына фермердик ишмердиги себеп болгонун айтып чыгышкан.

Ошондой эле алар тергөө учурунда милиция кызматкерлери фермерди жасабаган айыбын моюнга алдыруу үчүн кыйноого алып жатышканына даттанышкан болчу. Анын өмүрлүк жубайы Ширин Турсунова чатактын бардыгы Арамаис Авакян ээлик кылган балык чарбасынын көлмөлөрүн талашуудан чыкканын буга чейин айткан болчу.

Мындан эки жыл мурун Арамаис Авакян көлмөнү тазалап, ага балык бага баштайт. Көлмөлөрдөн 80 тоннадан ашуун балык алып, сатып ири киреше таба баштаганы айтылган. Бирок анын иши жакшы жүрүшө баштаган күндөн тарта фермердин бул бизнесине район акими Гафур Каршибаев көз артып, көлмөнү тартып алууга бир нече жолу аракет жасаганы айтылган.

Арамаис Авакяндын жана анын жумушчуларынын үстүнөн соттук териштирүү 6-январда башталган. Аларга конституциялык түзүлүшкө каршы чыгуу, диний экстремисттик уюм түзүү жана карактоо сыяктуу оор беренелер боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

18-январда уланган сотто Ширин Турсуновадан анын күйөөсү этникалык армян Арамаис Авакяндын диний ишеними тууралуу суроолор берилген. Ал күйөөсү христиан дининен чыкпаганын жана анын исламий уюмдарга эч кандай катышы жоктугун айтып, көрсөтмө берген. Мурда тергөөдө Авакянга каршы көрсөтмө берген адамдар сотто анысынан баш тартышкан.

Армениянын омбудсмени Авакяндын ишин акыйкат кароону суранып, расмий Ташкентке кайрылган. Бул кайрылууга жизактык фермер Авакяндын апасынын Армения өкмөтүнө жазган даттануусу негиз болгон. “Азаттыктын” өзбек кызматына Өзбекстандын омбудсмени Арамаис Авакяндын иши көзөмөлгө алынганын билдирди.

XS
SM
MD
LG