Moody’s жана Standard & Poor’s эл аралык агенттигинин баалоосунда Кыргызстандын рейтинги Орусияныкынан жогору. Кыргызстандын экономикасы азырынча чабал болгону менен бюджет кирешеси бир нече булактан алынат жана мамлекеттик карызды тейлөө арзаныраак жол менен жүргүзүлөт.