Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Каримов тун кызынын Батышта камакка алынган активдерин кайтарууну көздөөдө


Өзбекстандын өкмөтү Европанын банктарында камакка алынган 1 миллиард доллардан ашык акчаны кайтарганга аракеттенип жатат. Швейцариялык L'Hebdo гезити “Каримов каныша кызынын акчаларын кайтарууну каалайт” деп аталган макаланы басып чыкты. Анда жазылгандай, өзбек тарап АКШнын Укук министрлигине кайрылуу жолдоп, каржылык кылмыштарга тиешеси бар адамдардын жазага тартылганын жана Өзбекстан ири коррупциялык схемалар менен чырмалышкан кылмышкерлердин курмандыгы болгонун билдирген.

Макаланын автору Франсуа Пиле Батышта камакка алынган активдерди кайтаруу үчүн расмий Ташкен америкалык Holwell Shuster&Goldberg актоочу компаниясын жалдаганын, 4-январда Өзбекстандын тышкы иштер министринин колу коюлуп, мөөрү басылган кат Нью-Йорктун соту Эндрю Картерге тапшырылганын кабарлайт. Катта банктарда сакталып турган 500 миллион доллардан ашык каражат Өзбекстанга таандык экени, өлкө айрым ишкерлер аралашкан кылмыш ишинен жабыр тартканы баяндалган. Бирок президенттин улуу кызы Гүлнара Каримованын ысымы эске салынган эмес. Анын жардамчысы Гаяне Авакян, көңүлдөшү деп саналган таанымал ишкер Рустам Мадумаров жана Бахадыр Эргашевдин аттары аталган.

Өзбек бийлиги бул адамдарды коррупциялык схемаларды түзгөн, ири өлчөмдөгү акчаларды сол капчыкка салып, өздөрүнө чегерип алышкан деп күнөөлөп, алар жазасын алганын, акчалар Өзбекстанга кайтарылышы зарылдыгын билдирген.

2014-жылы Өзбекстандын Башкы прокуратурасы арам акчаны адалдаштырган, жалган документтерди жасаган деген шек менен мурда Гүлнаранын жакын чөйрөсүнө кирген бир нече кишиге кылмыш иштери ачылганын маалымдаган. Ошол эле жылдын июлунда Мадумаров, Гаяне Авакян узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Гүлнаранын өзү үй камагында экени айтылып келет. (AKu\SE)

XS
SM
MD
LG