Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

14-январга аба ырайы


Синоптиктер Кыргызстандын аймагында 17-19-январь күндөрү аба ырайы өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаай турганын билдирди. Мындай аба ырайы тоолуу жолдордо унаа каттамына кедергисин тийгизиши эскертилүүдө. Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек жолдорунда кар көчкү коркунучу бар.

15-январда түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгышында бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз +7...+12,

Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз +5...+10,

Баткен облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +7...+12,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз +8...+13,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8. Күндүз +3...+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -2...-7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...-13 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Күндүз -3…-5, күндүз +9…+11 градус болот.

XS
SM
MD
LG