Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Бишкек соту Канжар Кадыралиевди эркиндикте калтырды


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Бишкек шаардык соту бүгүн экс-прокурор Канжар Кадыралиевди эркиндикте калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Бул чечимди жокко чыгарып, аны камакка алуу боюнча жакында жабырлануучунун арызы менен Октябрь райондук прокуратурасы сотко кайрылган болчу.

Айыпталуучу Канжар Кадыралиев мурда Ош шаардык прокуратурасында иштеген. Ага бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган. Кийин ал качып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланган. Качан гана сокур ичеги болуп ооруканага түшкөндө кылтакка илинген. Андан бир канча айдан соң УКМКнын тергөө абагына камалган Кадыралиевди 30-ноябрда Октябрь райондук соту эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикке чыгарган.

Кадыралиевден кордук көргөн өзгөндүк ишкер Келдибаевдердин үй-бүлөсү буга нааразы болуп, Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, аны жоопко тартууга президенттен жардам сурап кайрылышкан.(SE)

XS
SM
MD
LG