Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Мамлекеттик кызмат: кадыры жана көйгөйү


Мамлекеттик жогорку бийликтин жетекчи кызматтары саясий партиялардын талашына айланып, андан кийинки орундар кландык жана жетекчиге берилгендик принциптеринин негизинде бөлүштүрүлүп жатканы сынга кабылууда.

Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдар неге иштебейт, анын негизги себептери кайда катылган, мамлекеттик кызматкерди даярдоо, тарбиялоо, өстүрүү боюнча советтик тажрыйбаны колдонууга болобу, дегеле кадрлардын кадыр-баркын, жоопкерчилигин кантип жакшыртууга болот жана башка суроолор “Арай көз, чарай” берүүбүздө талкууланды.

Талкууга Мамлекеттик кадр кызматынын бөлүм башчысы Калыбек Алышбаев, коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева, Президентке караштуу башкаруу академиясынын мурдагы ректору, профессор Алмаз Акматалиев катышты.

“Азаттык”: Мамлекеттик кызматтарга адистерди даярдоо, кайра даярдоо, дайындоо эрежелери мыйзамда жазылган. Бирок мыйзамды айланып өтүп, коррупциялык иштер дагы эле гүлдөп жатат деп көп айтылып калат, ага эмне себеп же мамлекеттик кызматтын, мыйзамдын күчү жетпей жатабы?

Калыбек Алышбаев: Бул маселеде Мамлекеттик кадр кызматы жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдардын негизинде иш жүргүзөбүз, алардан башка да ченемдик-укуктук актылар иштелип чыккан. Эскерте кетсек, мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат дагы саясий жана административдик кызматтар болуп экиге бөлүнөт. Саясий кызматтарга шайлоолор аркылуу келген депутаттар, мамлекет башчысынын, өкмөт башчысынын жарлыгы же буйругу менен дайындалган министрлер жана башка кызмат орундары кирет.

“Азаттык”: Мен сизге суроону тагыраак берейинчи, өткөн бешинчи чакырылыштагы ЖК депуттарынын жардамчылары, кеңешчилери конкурстан сырткары эле салык, бажы ж.б. кызматтарга орношуп алгандары катталды эле . Бул мыйзам бузуубу же...

Калыбек Алышбаев: Бул жерде мыйзам боюнча саясий кызмат орундарды ээлеген адамдардын жардамчылары, кеңешчилери “пaтрoнаждык кызмат” катары каралып, кирбей калган. Башкача айтканда, алар мамлекеттик кызмат катары саналбай калган. Алар ошондон пайдаланышкан. Биз ушундан улам мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш менен чыкканбыз. Анда биз атап өткөн кызмат орундарында жок дегенде бир жылдан кем эмес иштесин деп жатабыз. Башка да бир топ сунуштарыбыз бар. Болбосо ошол жардамчылар бир орунда бир айдан ашык эле иштеп башка жакка которулуп кеткен учурлар болгон. Азыркы жаңы келген Жогорку Кеңештин кароосунда бул мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам кабыл алынып калса, бир топ кемчиликтер жоюлат деген ойдомун.

Көпчүлүк жерлерде өзүнүн өң таанышы, тууганыбы, бош орундарга мыйзамсыз кызматка алган учурлар бар.

Азыркы мыйзамдарда ички реверв деген түшүнүк бар. Ал эмне? Мамлекеттик кызматтар боюнча аттестацияларга катышып, анда 75 пайыздан ашык упай алгандар ошол мекеменин ички резервине коюлат. Орун бошосо биринчи кезекте ошол резервдегилер каралат, андан өтпөй калса жалпы конкурска катышат...

“Азаттык”: Чүйдө баласы бир айыл өкмөттө башчы, апасы башкы бухгалтер болгон фактыны айтышты. Бул мыйзам бузуубу же...

Калыбек Алышбаев: Биз атап өткөн мыйзамдар боюнча бири-биринин кызыкчылыгы бар туугандар бир жерде иштегенге болбойт. Баласы айыл өкмөт башчы, апасы бухгалтер болсо, биринчиден, мыйзам жүзүндө, анан моралдык жактан да туура эмес. Жетекчи, эсепчи да финансылык документтерге кол коюшат. Мындай учурда ар кандай жаман кадамдарга барып калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Советтик заманында пионерден, комсомолдон баштап бардык тепкичтер боюнча мамлекеттик кызматтарды даярдашчу, бүгүн аларды колдонсо болобу?

Жаңыл Түмөнбаева: Совет заманындагы кадрларды тандоо, дайындоо тажрыйбалары бүгүнкү базар шартына туура келмек. Кадрларды бир тепкичтен экинчисине көтөрүүдө ишиндеги жетишкендиктери биринчи эске алынчу. Ар бир кадр өз ишин мыкты аткарганга аракет кылчу. Бүгүнкү күндө башка жолдор менен келүүдө, азыркы жетишпегендигибиздин көпчүлүгү кадрлардын даяр эместигинен болууда.

“Азаттык”: Сиз иштеген совет заманында чабандан мамлекеттик эң чоң кызматка келди эле...

Жаңыл Түмөнбаева: Сиз мисал келтирип жаткан чабан бир топ жыл депутат болуп, Борбордук комитеттин мүчөсү катары тажрыйбасына карабай, чоң кызматка алып келгени учурунда чоң катачылык болгон деп эсептейм. Азыр да эч тажрыйбасы жок эле чоң кызматтарга келип жатпайбы. Мамлекеттик кызмат абдан оор жана абдан жооптуу нерсе. Ал баскан-турганы, жасаган иши менен үлгү, элдин алдында жүзү жарык болуш керек.

XS
SM
MD
LG