Түркмөнстан Индияга чейин газ куурун курууну баштады
Түркмөнстан Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүн аралап Индияга чейин жаткырыла турган TAPI деп аталган куурдун курулушун баштады. Курулуштун расмий ачылышы өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Мары шаарына жакын, “Галканыш” ири газ кенинен алыс эмес жерде болду. Газды экспорттоодо Кытайдан көз карандылыкты азайтуу максатында башталып жаткан долбоорго 10 млрд. АКШ доллары сарпталары айтылууда.