Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Атамбаев менен Бердымухамедов эки тараптуу кызматташууну талкуулады


Гурбангулы Бердымухмедов
Гурбангулы Бердымухмедов

Президент Алмазбек Атамбаев Ашхабад шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташуусунун өз ара кызыкчылык туудурган тармактарындагы маселелер талкууланды.

Атамбаев Түркмөнстан БУУ нейтралитетин бекиткен биринчи мамлекет болуп саналарын, мамлекет өзүнүн экономикалык өнүгүшүнө таянып, коңшу өлкөлөргө да колдоо көрсөтө аларын белгиледи.

Өз кезегинде Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө ишенимин билдиришти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Атамбаев баштаган делегация Түркмөнстандагы “Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн 11-декабрда барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG