Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

ИМге кошулуп кеткен тажик полковниги оор жараат алганы кабарланууда


“Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгүнүн (ОМОН) командири Гүлмурод Халимов майып болуп калды. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жазып чыкты.

Тажик күч органдары жакында ИМдин Ирактагы бөлүмүнө кошулуп, бирок жакында качып чыккан адамды кармашкан. Сурак учурунда ал Гүлмурод Халимов согуш талаасында бутунан жана башынан жараат алганын, азыр абалы оор экенин айтып берген.

40 жаштагы Халимов Тажикстандын Варзоб районунда туулган. Өлкөдөгү жарандык согуш учурунда президенттик гвардияда кызмат өтөгөн. Быйыл 23-апрелде иш ордунда кызматтык күбөлүгүн калтырып, дарегин айтпай дайынсыз жоголгон. Кийин видео кайрылуусунда тажик бийлигинин намазга, мусулман кийим-кечелерге жана диний жөрөлгөлөргө каршы саясатын жектеп, Сириядагы согушкерлерге кошулуп кеткенин жарыялаган.

Ушундан кийин Тажикстандын Башкы прокуратурасы ОМОНдун мурдагы командири Гүлмурод Халимовго иш козгоп, аны мекенге чыккынчылык кылып, кылмыштуу топко жана башка мамлекеттердин аймагында куралдуу кагылышуулар менен чатактарга катышканы үчүн айыптаган. (NT)

XS
SM
MD
LG