Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Германия парламенти ИМ тобуна каршы аскерий өнөктүккө кошулууну колдоду


Бундестагдын башкы жыйын залы.
Бундестагдын башкы жыйын залы.

Парламенттин төмөнкү палатасы - Бундестагдагы бүгүнкү добуш берүүдө немис өкмөтүнүн сунушун 445 депутат колдоду, 146 депутат каршы чыкты, жетөөсү калыстык калды.

Германия эми “Ислам мамлекети” тобуна каршы аскерий өнөктүккө “Торнадо” үлгүсүндөгү жети чалгынчы учагын жана май куюучу учактарын катыштырат. Ошондой эле бул иштерге 1200гө сандагы аскер кызматчысы да тартылат.

Бирок Берлин АКШ, Британия, Франция, Орусия сыяктуу Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларды жасоого тикелей өзү катышпайт.

Парижде 13-ноябрда жасалган террордук чабуулдардан кийин канцлер Ангела Меркел Франциянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы Сириядагы операцияларына жардам көргөзүү өтүнүчүн аткарууга макул болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG