Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск - Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Ош: кырсыкка кабылган учак

1
22-ноябрь күнү саат 7:56да №768 каттам менен келген учак Ош аэропортуна конуп жатып, жолдон чыгып кеткен. Мындан учактын бардык дөңгөлөктөрү талкаланып, сол канаты сынып, 150 метрге чейин ыргып кеткени айтылууда.

2
Учактын бортунда 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон, жалпсынына 9 жүргүнчү ар кандай жаракат алган.

3
Айрым маалыматтар боюнча учактын экинчи учкучу да жеңил жаракат алган.

4
Окуяга байланыштуу премьер-министр Темир Сариев эл аралык аэропортунун, учак таандык болгон "Авиатрафик" компаниясынын өкүлдөрүн жана тиешелүү жетекчилерди чукул жыйынга чакырды.

5
"Авиатрафик" компаниясына таандык учагы Красноярск-Ош багыты боюнча учуп келе жатып, аба ырайынын начардыгынан бүгүн таңга маал Ошко коно албай, Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Аба ырайы жакшырды деген маалыматтардан кийин, саат 7:00дө кайра Бишкектен Ошко карай учкан. Бирок коюу тумандан улам конуу учурунда тилкеден чыгып кеткен.

6
Кырсыкка кабылган Красноярск-Ош каттамындагы учактын жүргүнчүсү "Азаттыкка" билдиргендей, жүктөрдүн баары ээлерине 23-ноябрь күнү берилерин аэропорттон билдиришкен. Жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн ташып бараткан машина.

7
Кырсыкка кабылган учак.

8
Ош аба бекетинин ичи. Окуяга байланыштуу Ош аэропорту убактылуу жабылды, каттамдардын дээрлик баары бүгүн саат 17:00гө чейин токтотулду.

9
Ош аба бекети