Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы, 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина ушу тапта Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган. Рейтер финансылык эксперттер менен биргеликте Екатерина жана анын күйөөсү ири байлыкка ээ экенин иликтеген. Кремл жана “Газпромбанк” бул тууралуу маалыматты четке кагууда. Путиндин кыздары жана мурдагы аялы Людмила тууралуу маалыматтар коомчулукка табышмак бойдон.
Чалгынчынын үй-бүлөсү

1
Путин кыздары менен эс алууда. 2002-жыл

2
"Мен карапайым үй-бүлөдө туулгам. Кадыресе адамдардай эле жашагам, бул байланыш менде дайыма сакталып келет" деп эскерет Путин.

3
Путиндин бала чагынан баштап 2002-жылга чейинки сүрөттөрү.

4
Путиндин кыздары Екатерина жана Мария. 1985-жылы улуу кызы Мария төрөлгөн. Кичүүсү Екатерина Германиянын Дрезден шаарында 1986-жылы жарык дүйнөгө келген. Эки кызга тең чоң апаларынын (Мария Иванова Путинанын жана Екатерина Тихоновна Шкребневанын) ысымдары берилген.

6
Путин үй-бүлөсү менен.

7
Үй-бүлөсү менен эс алууда. 2002-жыл.

8
Дээрлик бардык сүрөттөрдө Путиндин кыздары артын салып түшкөн.

9
ММК Путиндин кичүү кызы деп жаткан Екатерина Тихонова Краковдо акробатикалык рок-н-ролл бийлеп жатат. 2014-жыл

10
Путиндин жакшы көргөн ити лабрадор Кони. Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүү учурунда. 2007-жыл, январь